"Мунабия" тасмасы эл аралык сынакта баш байгени жеңип алды

© Фото / Марс УмаровТаалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" тасмасынан кадр
Таалайбек Кулмендеевдин Мунабия тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдагы калыстар тобу кыргызстандык режиссерлордун эмгегин жогору баалады.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандык режиссерлор тарткан төрт тасма Россияда өткөн "Киношок" эл аралык фестивалына катышып, алардын ичинен Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" фильми баш байгени жана "Мыкты сценарий" сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусунан билдиришти.

Мындан тышкары, дагы үч тасма ар кандай сыйлыктарга татыды.

"Мыкты операторлук иш" жана "Мыкты музыка" номинациялары боюнча Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" фильми мыкты аталды.

Города России. Казань - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын "Киноман" тасмасы Казандагы кинофестивалда баш байгеге татыды
Кыска метраждуу фильмдердин ичинен "тасмага болгон сүйүүнү көркөмдөп ачып бергендиги үчүн" калыстар тобунун атайын сыйлыгына Аскар Нуракун уулунун "Киноман" аттуу эмгеги татыды.

Ал эми режиссер Токтобек Үсөновдун "Не женское бремя" тасмасы даректүү фильмдер арасында атайын дипломго ээ болду.

"Киношок"— КМШ жана Балтика өлкөлөрүндө өтүүчү ачык эл аралык фестиваль. Быйыл 26-жолу Анапа шаарында эшигин ачты.

Жаңылыктар түрмөгү
0