Бакен Кыдыкеева менен 100 жаштагы карыя... "Каныбектеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкеева менен жүз жаштагы элеттик карыянын сүрөтү 1978-жылы Чоң-Кеминде тартылган.

Ошол жылы Геннадий Базаров "Каныбек" тасмасын тартып, анда кино жана театр актрисасы Салтанаттын образын жараткан.

Ал кезеңди фотограф Александр Федоров мындайча эскерет:

"Касымалы Жантөшевдин чыгармасынын негизинде жаралган фильм Чоң-Кеминде тартылган. Массовкада улгайган карыя да бар эле. Анан биз аны көрүп алып "ооруган кишини эмнеге алып келдиңер" деп койгон элек. Көрсө ал жүз жаштагы адам "Каныбек" тартылып жатат дегенин угуп калып атайын катышканы келиптир. Ошондо актриса Бакен Кыдыкеева ал кишиге жакын отуруп сүрөткө тартуумду суранып, мен фотоаппаратыма тартып калгам", — деди Федоров.

Аталган тасмада Сабира Күмүшалиева, Алиман Жанкорозова, Сүймөнкул Чокморов, Аман Камчыбеков, Советбек Жумадылов, Сүймөнкул Чокморов, Чоробек Думанаев, Турсун Уралиев, Дүйшөн Байдөбөтов, Раиса Мухаммедиярова, Нематжан Нематовалар да роль жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0