Sputnik агенттигинин журналисти Кырчындагы иш-чараларды алып барууда

© Фото / Аделина КаныбековаSputnik Кыргызстан агенттигинин радио кабарчысы Айтурган Сатиева Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III юндарынын Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан маданий бөлүгүнө алып баруучу болууда
Sputnik Кыргызстан агенттигинин радио кабарчысы Айтурган Сатиева Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III юндарынын Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан маданий бөлүгүнө алып баруучу болууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алып баруучуларын башкы режиссер Алтынбек Максутов өзү тандаган.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин радио кабарчысы Айтурган Сатиева Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан маданий бөлүгүнө алып баруучу болууда.

III Всемирных игр кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Төө минген хан, кылычын кезеген жоокер. Кырчынды чаңыткан 1200 өнөрпоз сүрөттө
Маданий бөлүктүн программасына спорттук мелдештер, этномода көргөзмөсү, "Көчмөндөрдүн ашканасы" эл аралык сынагы, чет элдик таланттардын концерти жана "Мөңгү" фестивалы сыяктуу иш-чаралар кирген. Аларга алып баруучу катары теле жана радиодо үзүрлүү эмгектенген Айтурган Сатиева, Бакыт Тапаев, Чыңгыз Мырзаев, Жийде Зоотбекова жана Кыял Шаршеева чакырылган.

Айтурган Сатиева үчүн бул эл аралык деңгээлдеги алгачкы иш-чара эмес. Аны жергиликтүү режиссерлор 2013-жылдан бери жогорку кызмат адамдары катышкан расмий салтанат, кечелерди алып барууга чакырып келет. Ал эми радио жаатындагы карьерасы 2005-жылы башталган.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алып баруучуларын башкы режиссер Алтынбек Максутов өзү тандаган.

"Кызматкерлерибиз өлкө үчүн өтө маанилүү болгон иш-чараларга түздөн-түз катышып жаткандыгы биз үчүн сыймык", — деди Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина.

III Всемирных игр кочевников. 2 день. Этногородок Бишкек ордо в ущелье Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары Кырчындагы "Бишкек ордого" баш бакты
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү болуп саналат. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0