23:08 01 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD79.4881
  • EUR93.2356
  • RUB1.0286
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
144 0 0

Меймандардын алды Кыргызстанга келип түшө баштады.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. "Ысык-Көл" аэропортуна Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген конокторду тосуу үчүн үч боз үй тигилди. Бул туурасында эл аралык "Манас" аба майданынын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Ысык-Көл аэропортуна Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген конокторду тосуу үчүн үч боз үй тигилди
    "Ысык-Көл" аэропортуна Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген конокторду тосуу үчүн үч боз үй тигилди
    © Фото / секретариат ВИК
  • Аталган иш-чаранын коноктору менен катышуучулары бир нече күндөн бери эле келип жатат.
    Аталган иш-чаранын коноктору менен катышуучулары бир нече күндөн бери эле келип жатат.
    © Фото / секретариат ВИК
1 / 2
© Фото / секретариат ВИК
"Ысык-Көл" аэропортуна Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген конокторду тосуу үчүн үч боз үй тигилди

Аталган иш-чаранын коноктору менен катышуучулары бир нече күндөн бери эле келип жатат.

Көчмөндөр оюндарына келүүчүлөрдүн көбү "Манас" аэропортуна келип түшөт да, андан соң Көлдү көздөй сапар алат. Аба майданга келип түшкөндөрдү байыркы кыргыз кийимчен кыздар тосуп алат.

"Ысык-Көл" аэропортуна эң маанилүү деген меймандар келип түшөт.

Көчмөн кыргыздардын образын берүү үчүн аэропорттун аймагына VIP конокторго үч боз үй тигилди.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары Чолпон-Ата шаарында 2-сентябрда башталып, 8-сентябрда аяктайт.

Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)

Тема боюнча

Көчмөндөр оюндары: француздар биринчи жолу улак тартышат
Кел, тартышалы! Көчмөндөр оюндарында өтчү таяк тартыштын эрежеси
Белгилер:
Боз үй, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Чолпон-Ата, Ысык-Көл, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ