Жээнбеков: Айтматовду Алтай абдан кызыктырган

© Фото / Александр ФедоровУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков ушул тапта эл аралык деңгээлде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленип жатканын сыймыктануу менен белгиледи.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин Алтайдагы жашоо доору жөнүндө көп тарыхый маалыматтарды иликтеп, аларды көркөмдүк жактан кайра иштеп чыккан. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков Алтай тектүү элдердин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүлөрүнүн эл аралык 61-туруктуу конференциясында сүйлөп жатып айтты.

Иш-чара учурунда Жээнбеков ушул тапта эл аралык деңгээлде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленип жатканын сыймыктануу менен белгиледи.

"Айтматовду өз элинин тарыхый тек-жайы, ата-бабасынын мекени болгон Алтай абдан кызыктырган. Ал кыргыз элинин Алтайдагы жашоо доору жөнүндө көп тарыхый маалыматтарды иликтеп, аларды көркөмдүк жактан кайра иштеп чыккан", — деди Жээнбеков.

Ал ааламдашуунун жаңы чакырыктарына туш болуп, тарыхый эс-тутумду жоготуу, иденттүүлүктүн кризиси, маданий көп түрдүүлүктүн кескин кыскарышы сыяктуу маселелер Айтматовдун чыгармаларында курч коюлгандыгына токтолду.

Мамлекет башчысы Алтай цивилизациясы менен байланышы бар элдер үчүн гана эмес, башка элдер үчүн да өтө маанилүү болгон конференциянын максаттарын белгиледи.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун "Манас-Атанын ак кар, көк музу" чыгармасы жөнүндө кызыктуу 8 факты
"Алтай цивилизациясынын байыркы тарыхын, каада-салтын, бай маданиятын изилдөө — мамлекеттер аралык ынтымакты бекемдеп, элдердин ортосунда тынчтыктын көпүрөсү болот. Тил жана маданий мурастарыбыздын жалпылыгына таянып, биз аны Алтай тектеш элдеринин жаӊы өнүгүү ресурсуна айландырышыбыз керек. Эл аралык Алтай конференциясынын 61-сессиясы кыргыз жеринде, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жатат. Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде көп континенттердин спорт, маданият жана илим өкүлдөрүн чогултуп жатабыз. Спортту гумандаштырууга, табиятка туура мамиле жасоого багытталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кош келиӊиздер", — деген мамлекет башчы.

Былтыр Кыргызстанда өткөн "Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдердин форумунда" Татарстандын президенти Рустам Минниханов бул иш-чаранын абдан маанилүү жана актуалдуу, өзгөчө көңүл бурууга татыктуу экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0