Бишкекте ачык асман алдында бекер концерт өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный фестиваль уличных театров в Бишкеке
Международный фестиваль уличных театров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концертке белгилүү эстрада ырчылары катышат.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкекте "Ачык асман алдындагы музыкалык кече — 2018" аталышындагы гала-концерт өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ош шаардык аянтындагы майрамдык концерт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндө майрам, күндө той! Ошто 31-августка чейин ишемби сайын концерт болот
Иш-чара 24-август күнү Курманжан датка эстелигинин алдында саат 18.00дө башталат. Концерт ачык асман алдындагы музыкалык кечелердин сезонун жыйынтыктайт.

Мэриянын маданият башкармалыгы чоң масштабдагы программаны даярдоодо. Иш-чарага Динара Акулова, Баатыр Өмүрзаков, Съездбек Искеналиев, Кайрат Примбердиев, Адилет Азимов, Иса Өмүркулов, Максат Бегалиев, Ильяз Андаш, Бураш, Малика Дина, "Семетей" бий ансамбли жана башка артисттер катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0