Эңишке түшкөн Орозбек Кутманалиев менен Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Белгилүү режиссер Болот Шамшиев менен актер Орозбек Кутманалиевдин сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган.

Ал жылы Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак капчыгайында Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" фильми тартыла баштаган.

Ал кезеңди Болот Шамшиев мындайча эскерет:

"Сүрөттө биз чындап эле ат минип алып эңишкен эмеспиз. Ал киши чымыр денелүү, мага салыштырмалуу күчтүү адам болчу. Жөн эле ойноп жатсак керек. Мен аны менен күч сынаша албайт элем. Кутманалиев кыргыздын үрп-адатын мыкты билген, комузда кол ойноткон, кеп-кеңешин аябаган жан болчу. Актерду кээде иштеп отурганда эстеп калам. Азыркыга чейин андай жылдыздуу, жаркылдаган ачык инсанды актерлор арасында кезиктире элекмин", — деди Шамшиев.

Ошондой эле ал тасмада Асанкул Куттубаев, Турсун Уралиев, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Назира Мамбетова, Чоро Думанаев, Айтурган Темирова жана Нургазы Сыдыгалиев роль жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0