Кыргыз режиссерлорунун жакында тартуулай турган тасмалары. Тизме

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызфильм" киностудиясынын имараты. Архив
Кыргызфильм киностудиясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары Кыргызстанда кино тармагы өсүү жолунда.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кинематографияны колдоо фондусу кыргыз режиссерлору ушу тапта тартып жаткан тасмалардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, белгилүү режиссер Марат Сарулу "Тысяча грез" деп аталган тасмасын аяктоо алдында. Чет элдик өнөктөштөр менен чогуу жаралып жаткан эмгек "Кыргызфильм" киностудиясында тартылууда.

Тайманбас, тайбас эр кайда?.. Көк бөрү тасмасынын саундтреги жарык көрдү - Sputnik Кыргызстан
Тайманбас, тайбас эр кайда?.. "Көк бөрү" тасмасынын саундтреги жарык көрдү
Бекзат Пирматовдун түзүлүшү менен өзгөчөлөнгөн "Аврора" аттуу тасмасы жергиликтүү жана чет элдик эксперттер үчүн ачылыш болору күтүлүп жатат. Ушу тапта автор ишинин аягына чыгайын деп калды. Тасманын абройлуу фестивалдарга катышары белгилүү болду.

Режиссер Эмил Атагелдиев толук метраждуу "Көл "деп аталган тасмасын тартуулоо алдында. Драма Ысык-Көлдө балык түрүндө жашаган бабалардын руху тууралуу байыркы уламыштарга негизделген.

Бир топ сыйлыктардын ээси болгон "Сүтак" тасмасынын режиссеру Мирлан Абдыкалыков "Жекшен" фильмин тартып жатат. Мында автор үй-бүлөсүн сактап калууга жан үрөгөн Жекшен аттуу баланын тагдыры аркылуу ата-энесиз калган өспүрүмдөрдүн жашоосун, көйгөйүн чагылдырат.

Мындан тышкары, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата режиссер Артык Сүйүндүков "Ак кеме" повестинин негизинде "Шамбала" аттуу тасма тартууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0