Өкмөт: Көчмөндөр оюндарынын билети бекер таратылбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндары. Архив
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанаттарына үч миңге жакын билет сатылган.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын билеттери бекер болбойт, бардыгы үчүн бирдей шартта сатылат. Аны жарандардын белгилүү бир категориясы же чиновниктер үчүн акысыз негизде таркатуу пландалган эмес. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Көчмөндөрдүн оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөргөн.

Бүгүнкү күнү билеттер Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында сатылууда.

"Каалоочулар билет сатып алууга мүмкүн болгон расмий мобилдик тиркеме ишке киргизилди. Учурда Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанаттарына үч миңге жакын билет сатылды", — деди аталган оюндардын катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов.

Ал эми биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билеттерди сатуудан түшкөн каражаттын кайда чыгымдаларын айткан.

"Билеттен түшкөн акча Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды колдоого жана аны мындан ары өркүндөтүүгө жумшалат", — деген ал.

2018-жылдын 2-8 сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган Көчмөндөр оюндарына билеттердин баасы 400дөн 4 миң 900 сомго чейин турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0