"Кырчын" жайлоосунда боз үй кинотеатрлары ачылат

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүБоз үй. Архив
Боз үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинофорум 3-6-сентябрь күндөрү өтмөкчү.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн "Кырчын" жайлоосунда I эл аралык "Мөңгү" кинофоруму өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын дирекциясынан билдиришти.

Форум Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алкагында болмокчу. Жеринде боз үйлөр тигилип, аларга чакан, ал эми сыртка ири проектор орнотулат.

"Эл аралык кинофорумдун негизги максаты — айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактап калуу", — деп айтылат бидирүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, тасмаларды акысыз көрүүгө болот.

Иш-чара 3-6-сентябрь күндөрү өтмөкчү.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0