Бишкекте "Оймо" фестивалы өтүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык XIII "Оймо" фестивалы старт алды
Жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык XIII Оймо фестивалы старт алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын алкагында бир саатта 100 аялга элечек оролду.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык XIII "Оймо" фестивалы старт алды.

2006-жылдан бери жыл сайын июль айынын акыркы жумасында өткөрүлүүчү Эл аралык "Оймо" фестивалы Бишкек шаарынан башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланып келет.

Быйыл Борбордук Азия өлкөлөрүнөн, Россиядан, Индиядан жана Афганистандан меймандар келди. Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн 150дөн ашуун кол өнөрчүлөрү буюм-тайымдарын алып чыккан.

Кыргыз кыз-келиндери Москвада элечек кийип флешмоб өткөрүштү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз кыз-келиндери Москвада элечек кийип флешмоб өткөрүштү. Видео
Фестивалдын башында кол өнөрчүлөрдүн жана коноктордун салтанаттуу парады өттү. Алар Тоголок Молдо көчөсүнөн баштап, Чүй проспекти менен "Ала-Тоо" аянтына чейин басып келишти.

Түштөн кийин "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу тарабынан аялдардын салттуу баш кийимдери боюнча "Элечек" флэш-мобу өттү. Анын алкагында бир саатта 100 аялга элечек оролду.

Кечке жуук "Оймо" фестивалынын расмий ачылышы болуп, концерттик программа менен коштолду. Иш-чара "Ала-Тоо" аянтындагы Курманжан датканын эстелигинин алдында 29-июлга чейин уланат.

Бул күндөрү балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар өтөт. Көчмөндөрдүн  дүйнөлүк III оюндарына карата студенттердин, кол өнөрчүлөрдүн жана жаш дизайнерлердин арасында "Этно-Мода" тандоо сынагы болот. "Куурчакчылар гильдиясы" Эмен багында автордук куурчактардын көргөзмөсүн уюштурат.

Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу. Андан сырткары Ысык-Көлдөгү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.

Жаңылыктар түрмөгү
0