Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин жаштар фестивалы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРепетиция инаугурации избранного президента Сооронбая Жээнбекова
Репетиция инаугурации избранного президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия мамлекеттеринин 18ден 30 жашка чейинки жаштар катышмакчы

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Борбор калаада түрк тилдүү мамлекеттердин жаштар фестивалы болот. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Иш-чара 11-июлдан 15-июлга чейин "Ак кеме" мейманканасында өтмөкчү.

"Фестивалдын максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин жаштар саясаты тармагында тажрыйба алмашуу жана келечекте кызматташууга жол ачуу. Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия мамлекеттеринин 18ден 30  жашка чейинки, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, активисттер жана журналисттер катышмакчы",— деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, түрк тилдүү мамлекеттердин жаштар фестивалы экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Биринчиси 2016-жылы Азербайжандын Гянжа шаарында болуп ага кыргыз жаштары да катышып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0