Ысык-Көлдүн Тоң районунда"Тескей Жээк" этнофестивалы өтөт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЭтно фестивальдын катышуучулары. Архив
Этно фестивальдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль кыргыз элинин маданиятын, көчмөндөрдүн үрп-адатын жайылтууга багытталган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө "Тескей Жээк" деп аталган этнофестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Международный фестиваль Оймо - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эл аралык этно фестивалга тандоо туру өтөт
Маалыматка ылайык, маданий иш-чара 15-июль күнү Ысык-Көл облусунун Тоң айылында уюштурулат. Анда спортчулар салбуурун, жаа атуу, көк бөрү, кыз куумай боюнча мелдештерде күч сынашат. Андан сырткары, кол өнөрчүлөрдүн мастер-классы, улуттук тамак-аш, кийим-кече жарманкеси болот.

Жергиликтүү тургундардын демилгеси менен өтчү фестиваль кыргыз элинин маданиятын, көчмөндөрдүн үрп-адатын жайылтууга багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0