Ысык-Көлдө Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине арналган сынак өтөт

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүКадр из фильма "Красное яблоко"
Кадр из фильма Красное яблоко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуучулардын талантына Казакстан, Россия, Азербайжан жана Түркиядан келген адистер баа берет.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгинде 11инен тарта 17-июлга чейин улуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган "Ыр толкундары" эл аралык сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Нуркан Турсунбаев атындагы эл аралык фонд димилгелеген иш-чара "Рух-Ордо" маданий борборунда болмокчу.

"Сынакка катышкан ырчылардын арасынан мыкты деп табылганы 1 миллион сом байгеге ээ болот. Фестивалдын негизги максаты — кыргыздын профессионалдык музыкасын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Катышуучулардын талантына Казакстан, Россия, Азербайжан жана Түркиядан келген адистер баа бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0