Жеңижок акынга арналган айтышта күч сынашчу төкмөлөр аныкталды. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкын-импровизатор Азамат Болгонбаев
Акын-импровизатор Азамат Болгонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тандоо туруна республиканын ар бурчунан 44 акын келген.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Айтылуу акын Жеңижокко арналган айтышта өнөрүн көрсөтчү төкмөлөр белгилүү болгонун "Айтыш" коомдук фондусунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Иш-чара 14-15-июль күндөрү Аксы районунун Кара-Суу айылында өтөт. Буга чейин тандоо туру болуп, ага 44 акын катышкан.

"Иргелип, жыйынтыгында калыстардын баасы менен 16 акын калды, Сынактын байге фондусу 500 миң сомду түзөт", — деди Маратов.

Айтышка катышчу акындардын тизмеси төмөнкүдөй болду:

1. Абдылда Нуралиев
2. Амантай Кутманалиев
3. Максат Кулуев
4. Баян Акматов
5. Изат Айдаркулова
6. Турат Жумаев
7. Тынчтык Эсенбай уулу
8. Мундузбек Усупбек уулу
9. Айжан Сырымбетова
10. Акматбек Султан уулу
11. Асылбек Маратов
12. Кубат Тукешов
13. Мамбеттокто Мамбеторозо
14. Эламан Келдибеков
15. Акжолтой Канат уулу
16. Нурсултан Малдыбаев

Жаңылыктар түрмөгү
0