17:50 26 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7990
  • EUR101.0465
  • RUB1.1239
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
29020

...Караңгылыктан суурулуп чыккан ак көйнөкчөн бир нече адам, жөргөмүштүн, арабанын, космостук аппараттын элесин берген табыт жана шарактап өпкө-жүлүндү көзөп өткөн поезддин үнү... Адамдардын дал төбөсүндө адамдын ак кепинделген сөөгү.

…Жымжырттыкты ак көйнөкчөн келиндин чырак көтөрүп чырылдап ыйлап, Казангаптын дүйнө салганын, жаны чыкканда башын жөлөөр эч ким жок болуп өлүгү сасып кеткенин айтып чуркап киргени бузду. Бул — борбор калаада Султан Раевдин "Маң" драмасынын негизинде даярдалып коюлган спектаклдин башталышы.

Бишкектиктерге Раевдин кезектеги чыгармасын — "Маң" драмасын Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу академиялык драма театры тартуулады.

Бул чыгарманын өзөгүн Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" романындагы кадимки Казангаптын өлүмү, анын сөөгүн ыйык жайга алып бараткандагы окуя, көрүнүш түзөт. Мында маңкурттар башкачараак. Айтматовдун маңкурту, Жоломан күч колдонуунун кесепетинен аң-сезиминен айрылса, Раевдин каармандары акылдан азган дүйнөнүн адам-элементи катары, бузулган коомдун философиясын алып жүргөн аты да, заты да белгисиз адамдар. 

Артисты во время постановки пьесы Султана Раева Ман.
"Маң" драмасын Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу академиялык драма театры тартуулады

Залдагылар эмнеге күрсүнүп, баш чайкады?

Автор айтматовдук ойдун тутумунан сырткары окуяны бүгүнкү пенделик чегинен ашып-ташкан реалдуу замандан туруп баяндайт. Драманын каармандары ар башка тагдырдагы, ар башка көз караштагы адамдар. Бири маркумдун сүйгөн аялзатынын уулу. Алгач ал Казангапты жек көргөнүн, кийин ал сезимдер өчүп-өчпөй жаңырып турганын айтып, деп, бугун төгүп алат. Дагы бири Казангаптын карачечекей күйөө баласы, анын көр пенделиги да, кайнатасынын өлүмүнө ичи сыйрылып өрттөнүп турушу да контрасттуу. Арак менен достошуп, кайнатасынын көзүн көгөртүп, кызын көгала койдой сабагандан кийин да "мен эч нерсе болбойм, кызым, түйүнчөгүңдү түйүп кетем деп ачууга алдырба, ортодо балдарың турат" деп күңгүрөнө үйүнө кайткан Казангапты эскергени залдагы көрүүчүлөрдүн өзгөчө реакциясын жаратты. Отургандардын шыпшынганын, күрсүнгөнүн даана угууга болот эле.

Окуя Казангаптын сөөгүн көтөрүп бараткан табыттын алдында өтөт. Бул өтө символикалуу көрүнүш, ал табыт алты жакка караган, белгисиздиктин табыты. Сөөк көтөргөндөрдүн сапарын кулакты, жүрөктү көзөп өткөн поезддин үнү коштоп турат. Баягы-ыы, поезддер, Айтматовдун чыгармасындагы батыштын чыгышка, чыгыштан батышка байма-бай каттаган поезддер. 

Актеры во время спектакля Султана Раева Маң
© Фото / Султан Раев
Драманын каармандары ар башка тагдырдагы, ар башка көз караштагы адамдар

Апокалипсиске түшкөн жетөө — азыркылардын прототиби

Табыт — бул бир караганда космостук аппарат, жөргөмүш, айлампа, жашоонун тегирмен барасындай таасирди калтырат. Бул жети адам сөөктү алып бараткан жолдо көп окуяларга дуушар болот. Казактын Бетпак талаасы менен кумдуу чөлдө сөөктү көтөрүп алып Найман эненин бейитин көздөп бара жатышат. Бул жетөө ал ыйык жер кайда экенин билбей белгисиздикке карай бет алат. Көкүрөгүндө адамдык ыйыктыгы жок адамдар ыйык жерге сөөк бергени барат.

Чыгарманын акырында жолдон адашкан жетөө — апокалипсиске түшөт. Өлгөнүнө беш күн болгон Казангаптын сөөгү чөлдүн учу-кыйыры билинбеген жолунда сасып, узак жолдо бузула баштайт. Арбакты жерге берүү унутта калат. Драманын финалында жетөө бири-бири менен кырды бычак мушташка түшөт. Ал эми апокалипсиске түшкөн жетөө — азыркылардын прототиби. Ыйманы менен ыймансызы, агы менен карасы, ак дилдүүлөр менен ниети бузуктар аралашкан дүйнө. 

Актеры во время спектакля Султана Раева Маң
© Фото / Султан Раев
Чыгарманын акырында жолдон адашкан жетөө — апокалипсиске түшөт

"Адамды бузган заманды айт, заманды бузган адамды айт"

Ортодо эмнелер гана болбойт, эмне деген кептер айтылбайт, маркумдун баласы атасына акаарат келтирет, ыйыктыкты, салтты, ишенимди тебелеп-тепсейт. Бири ыйлайт, бири чырдайт, бири көмөлөнүп, бет талаша жер кучактайт, дагы бири калганын акылга чакырып, чырылдайт. Анын баарына Казангап көз салып, башын чайкап тургандай. Сөөгү берилбей сасып кеткен арбактын руху акыры өзү кыймылга келип, жер бетиндеги адамзаттан ырайым күтпөй, акыретке сапар алат. Көктү көздөй көтөрүлөт. Бир силкинип алып, сахнанын төбөсүн көздөй тикесинен ак кепиндүү сөөк көтөрүлүп бара жатышы залдагыларды бир селт эттирип алды. Ага удаа эле сөөктүн бут жагынан чаң аралаша, кум куюлду, топурак эшилди. Дал алдында турган, сөөктү жайына бере албай ортодо кырылышып кеткен пенделердин башына куюлду. Кыргызда напсиси ачылганда, пенделик ашынганда айтылган "көзүңө көр топурак тыгылгыр" деген сөз эске түшөт, аргасыздан түшөт.

Катар тизилген ак кийимчен пенделер, поезддин составынын баягы мээни көзөп өткөн гудогу, шарактаган үн, жаркылдап каректи жалтанткан прожекторлор, токто деген белгини көрсөткөн кызыл рельстер драманын финалындагы көрүнүш. Ошентип руху шуулдап көккө көтөрүлүп, Казангаптын өмүрү да токтоду…

"Адамды бузган заманды айт, заманды бузган адамды айт" деп күңгүрөгөн үн. Бул коомду чайпалткан үн, эгемдин эсиңе кел деген эскертүүсү, азыркы чалкеш замандагы ички чаңырык…

Бул — көп дүйнөнүн көөдөнүнө батырган, философиялык багыттагы чыгармалардын автору, акыркы жылдары кыргыз адабиятына башкача түс берип, чет жактарга алып чыгып жаткан Султан Раевдин кезектеги ийгиликтүү "олжосу".

Тема боюнча

Бүгүн кыргыз драма театрында "Маң" спектакли көрсөтүлөт
Жантелиев: балдарым артист болгусу келбейт
Белгилер:
драма, маңкурт, спектакль, театр, Султан Раев

ЭҢ МААНИЛҮҮ