Көз жоосун алат. Нарында "Кыргыз шырдагы" фестивалы башталды

© Пресс-служба правительства КРМеждународный фестиваль "Кыргыз шырдагы" в Нарынской области
Международный фестиваль Кыргыз шырдагы в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий иш-чара үч күнгө созулат.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Нарын шаарында "Кыргыз шырдагы — VIII" эл аралык фестивалы башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Ага ылайык, фестиваль 30-июнга чейин созулат.

Салтанаттын ачылыш аземине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру, бизнес коомчулугу менен туристтик жана соода компаниялардын өкүлдөрү, Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин өкүлдөрү катышты. Иш-чара театрлаштырылган концерттик программа менен коштолду.

© Пресс-служба правительства КРНарын шаарында "Кыргыз шырдагы — VIII" эл аралык фестивалы башталды.
Нарын шаарында Кыргыз шырдагы — VIII эл аралык фестивалы башталды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Нарын шаарында "Кыргыз шырдагы — VIII" эл аралык фестивалы башталды.
© Пресс-служба правительства КРФестиваль 30-июнга чейин созулат.
Фестиваль 30-июнга чейин созулат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Фестиваль 30-июнга чейин созулат.
1/2
Нарын шаарында "Кыргыз шырдагы — VIII" эл аралык фестивалы башталды.
2/2
Фестиваль 30-июнга чейин созулат.

"Кыргыз шырдагы" фестивалы элдик көркөм жана улуттук кол өнөрчүлүктүн салттарын жандандыруу, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарына даярдык көрүү, региондорду өнүктүрүү жылына карата уюштурулган. Ошондой эле улуттук кол өнөрчүлөр тарабынан өндүрүлгөн продукцияларды жарнамалоо, облустар аралык маданий-экономикалык байланыштарын бекемдөөнү дагы көздөйт.

Фестиваль Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңеши тарабынан уюштурулууда.

Иш-чарага өлкөнүн 7 облусунан 300дөн ашык кол өнөрчү өз буюмдарын алып келишкен.

"Үч күндүк фестивалдын алкагында Нарын шаарынын "Ала-Тоо" стадионунда "Мыкты шырдак", "Илгерки шырдак" кароо-сынактары, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкелер, "Кол өнөрчүлөрдүн устат-шакирт" мастер-класстары, театрлаштырылган улуттук каада-салттар концерттик программа менен коштолот", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, 29-июнда Нарын мамлекеттик университетинде "Шырдактын тарыхы" аттуу илимий конференция, облустук тарыхый-этнографиялык музейинде "Кыргыз мурасы: кол өнөрчүлүк. Оюулары жана орнаменттери" аталышындагы залдын ачылышы өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0