08:34 28 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR103.0066
  • RUB1.1301
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
123 0 0

Чыгарманы сахнага Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театры алып чыккан.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Борбор калаада Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында Султан Раевдин "Маң" драмасынын негизинде даярдалган спектакль көрүүчүлөргө тартууланат. Бул туурасында аталган театрдан кабарлашты.

Драма залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын театрга ылайыкташтарылып жазылган версиясы.

Чыгарманы сахнага Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театры алып чыккан.

"Маң" айтматовдук идеяны материлизациялап, таптакыр башкача чечмелейт. Драмада жети эркек менен үч аял каарман. Бул чыгарманын өзөгүн Казангаптын өлүмү, башкача айтканда, анын сөөгүн ыйык жайга алып бараткандагы сюжет түзөт. Айтматовдук маңкурт күч колдонуу менен аң-сезимден айрылса, бул каармандар акылдан азган дүйнөнүн адам-элементи катары, бузулган коомдун философиясын алып жүргөн аты да, заты да белгисиз типаждардын галереясын түзөт", — деп айтты чыгарманын автору.

Спектакль 10-16-июнь күндөрү Алматы шаарында өткөн SAMGAU деп аталган VI эл аралык КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн 14 театры катышкан сынакта калыстардын өзгөчө баасын алган. Андан сырткары, театрдын директору, башкы ролду аткарган Темирлан Сманбеков "Эркектин эң мыкты ролу" номинациясына татыган.

Театрдан спектакль көрүүчүлөргө саат 17:00дө бекер тартууланарын билдиришти.

Тема боюнча

Китепканалардын ишин илгерилетчү форум өтөт
Келдибек, Балыкооз баштаган 5 манасчы тууралуу тасмалар даяр болду
Белгилер:
драма, спектакль, Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театры, Темирлан Сманбеков, Султан Раев

ЭҢ МААНИЛҮҮ