Чокморов, Сүлүккара, кара таш... "Караш-караш окуясынан" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин эл артисти Сүймөнкүл Чокморовдун атчан сүрөтү 1967-жылы Суусамыр жайлоосунда тартылган.

СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиевдин сүрөтү 1975-жылы тартылган - Sputnik Кыргызстан
"Эне-бала" Бакен Кыдыкеева менен Болот Бейшеналиев. Таберик сүрөт
Ал жылы режиссер Болот Шамшиев "Караш-караш окуясы" тасмасын тартып, ага кыргыз, казак жана орустун актерлору катышкан.

Мухтар Ауэзовдун чыгармасынын негизинде жаралган тасмада Чокморов башкы каарман Бактыгулдун ролун жараткан.

Ошол кезеңди СССРдин эл артисти, кинорежиссер Болот Шамшиев мындайча эскерет.

"Сүймөнкул Чокморовдун ат минип алып суунун боюнда жышынып турган учурун 1967-жылы 23-ноябрда тартканбыз. Кышында Көкөмерен дарыясына атайын ошол эпизодун тартуу үчүн барганбыз, күн сууктап калган. Фильмдин тартуу иштери Суусамыр жайлоосунда, Казакстандын Жамбыл облусунда болгон. Жалпы тасманы төрт айдын ичинде бүтүрүп, кийинки жылы көрүүчүлөргө сунушталган", — деди режиссер.

Аталган фильмде Чокморовдон сырткары, Советбек Жумадылов, Муратбек Рыскулов, Бакирдин Алиев, Бакен Кыдыкеева, Эстебес Турсуналиев, Жамал Седакматова жана Сабира Күмүшалиева образ жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0