12:03 29 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Бишкекке — 140 жыл (34)
3829 0 0

1926-жылы Фрунзеде республиканын башкаруу органы – Борбордук аткаруу комитетинин имараты архитектор Андрей Зенковдун долбоору боюнча курулган (азыр мында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жайгашкан).

Дом правительства. 1957 год
© Фото / Центральный Госархив КР
1926-жылы Фрунзе шаарында Аткаруу комитетинин борбордук имараты салынган

Туура 10 жылдан соң, 1936-жылы Юрий Дубовдун долбоору боюнча жаңы өкмөттүк имарат тургузулат. Жетекчилер үчүн майрамдык иш-чараларда эмгекчилерге кол булгалоого ыңгайлуу болгон кенен балкон-трибуна имаратты өзгөчөлөнтүп турган. Анын дал маңдайында азыркы Абдымомунов көчөсүндө созулуп жаткан аянттан нары Лениндин эстелиги заңкайып көрүнчү. Бүгүн ал имаратта Жогорку сот отурат.

Здание академии наук. Город Фрунзе. Киргизская ССР.
© Sputnik / Склярук
1936-жылы архитектор Юрий Дубовдун долбоору менен өкмөттүн жаңы имараты курулган

70-жылдардын ортосунда республиканын жетекчилери аларга дагы жаңы имарат зарыл деп чечкен. Расмий кагаздарда кезектеги бул долбоор Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин жана Кыргызстан ЛКСМ БКнын биргелешкен кызматтык имараты деп белгиленген.1957-жылы партияга кадрларды даярдаган Республикалык партиялык мектебин салышкан. Жаңы имарат республиканын башкаруучу каймагына абдан жагып калган өңдөнөт, ага көчүп барууну чечет. Ушул эле жайга партиялык Борбордук комитетти, өкмөттү – Министрлер кеңешин жайгаштырат. Сегиз жылдан кийин аталган объектини реконструкциялап, эки катар 16 тирөөч тургузушкан. Бул имараттын көркүн арттырган. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин мында көпкө чейин Жогорку Кеңеш отурду, ал эми азыр өкмөт ээлейт.

Здание Совета Министров в городе Фрунзе. Киргизская ССР.
© Sputnik / М. Барабанов
1957-жылы партия үчүн кадрларды даярдай турчу республикалык партия мектеби салынган

Аны фрунзеликтердин сүйүктүү жайы болгон шаардык стадиондун ордуна курууга бел байлашкан. Убагында ал жаштардын күчү менен “Звездочка” паркынын (азыркы Панфилов сейил багы) жанында курулган. Көп жыл мурун стадиондо футбол, баскетбол, волейбол жана кол топ боюнча мелдештер өтчү. Ошондой эле мында үч бассейн иштеп, ал эми ар кышта футболдук талаага муз тоңдурушчу.

Хоккейный матч на городском стадионе 1937 год
© Фото / Центральный Госархив КР
Фрунзе шаарындагы Никольский чиркөөсүнүн аянттан көрүнүшү. 1930-жыл
Макет нового административного здания для застройки центра столицы. 1984 год
© Фото / Центральный Госархив КР
1936-жылы Юрий Дубовдун долбоору боюнча өкмөттүн жаңы имараты салынган

Кийинчерээк калаанын чордонунда жаңы, чоң "Ала-Тоо" аянтынын курулушу башталып, стадионду да, парктын ичиндеги чоң көрүүчү залы бар жайкы театрды, Офицерлер үйүн, “Киргизия” мейманканасын жана Ленин проспектисинин (азыркы Чүй проспектиси) боюндагы турак үйлөрдү бузушкан.

Площадь имени Ленина в городе Фрунзе. 1987 год
© Фото / Центральный Госархив КР
Фрунзедеги Ленин атындагы аянт. 1987-жыл.


Долбоорду ишке ашырууга кол кабыш кылган архитекторлор курулуштун жүрүшүндө улам эле бир нерсени өзгөртүүгө туура келгенин эскеришет. Республиканын эмгек сиңирген курулушчусу Олег Лазарев долбоорду жеке көзөмөлдөгөн Кыргызстан компартиясынын БК биринчи катчысы Турдакун Усубалиев негизи архитекторлорго кысым көрсөтпөгөнүн, бир нерселерди кайра оңдоону жумшак гана өтүнгөнүн айтат.Кызыгы, 1986-жылы белгилүү архитекторлор Евгений Писарской жана Валентин Курбатов «Советтик Кыргызстандын архитектурасы» деген китеп чыгарышкан, бирок ошол кезде тургузулуп калган азыркы Ак үй тууралуу бир сап да жазышкан эмес.1975-жылы архитектуралык сынак жарыяланып, өткөрүлгөн. Андан долбоору башкалардыкына салыштырмалуу жөнөкөй жана ачыктыгы менен алда канча айырмаланган Александр Зусик жана Равкат Мухамадиев утуп чыккан. Ошол долбоорго ылайык, жети кабат жайдын бир тарабы Ленин проспектисине чыгып, экинчиси чыгышты карап турган. Короосунда жыйындар залы бар блок тургузулмак. Долбоордо — Эски аянттан тарта азыркы Медеров көчөсүнө чейин өзүнчө бир меридионалдык эспланаданы элестеткен, башкача айтканда, тоо кыркалары көрүнүп турчу ландшафттын башкы элементи боло турган кең көчө да камтылган. Бирок долбоорду ишке ашыруу убагы келгенде буюртмачы айнып, азыркы көрүнүшүндөгүдөй курууну чечет. Албетте, сынактан жеңип чыккан архитекторлор алардын демилгеси ишке ашпай калганына нааразы болушса, ал эми утулгандар дагы бир мүмкүнчүлүк колго келип турганын сезишкен.

Мастерская генерального плана института Фрунзегорпроект. Студенты 5-го курса Фрунзенского политехнического института знакомятся с проектом детальной планировки.
© Фото / Центральный Госархив КР
"Фрунзешаардолбоор" институту иштеп чыккан башкы план. Фрунзе политехникалык институтунун 5-курсунун студенттери деталдуу план менен таанышууда.

Адегенде кире бериши айнектен жасалмак. Усубалиев анча тунук болбосун деп бир нече ирет суранган. Үчүнчү жолку өтүнүчтөн кийин архитекторлор айнекти гранит менен алмаштырууну чечишкен. Ал эми тирөөчтөрдүн ортосунда кичинекей гана терезелерди калтырышкан.

Каалгалар да айнектен коюлмак, аларды бышыгыраак кылууну суранышкандыктан, соңунда оор жыгачтан коюлган. Коопсуздук боюнча агезде ачык айтылган эмес, бирок балким ошондой эле болжошкондур. Айтмакчы, имараттын тегерегиндеги темир тосмо кийин Аскар Акаев башкарып турган убакта орнотулган.

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Ак үй. Видео

Архитекторлордүн эскерүүсүндө имарат курулуп бүтүп, ал эми БК биринчи катчысы отставкага кеткен маалда “Фрунзе шамы” (“Вечерний Фрунзе”) редакциясынан аларга шаардын бир тургунунун катын беришкен. Ал Ак үйдүн биринчи кабатындагы маңдайынан (фасадынан) “Т” тамгасы так окуларын кабарлаган. Терезелердин үстүндөгү пилон менен дубалдардын ортосундагы туташтыргычка үңүлсөк, ушул арипти көрүүгө болот. Каттын ээси: «Турдакун Усубалиевич өз ысымын түбөлүккө ушинтип калтырууну каалаганбы?»  деп түз эле суроо салган. Мындай деле болбогондур, тек гана башынан терезелер башкача жайгашмак, ал эми курулуштун жүрүшүндө долбоордун бул бөлүгүн кайрадан карап чыгуу керектелген.

Чүй проспектиси тарабындагы фасаддын жогорку бурчтары айырмаланып турарын көп киши байкабаса керек. Таш коюучулар бир тарабын каптап бүтүп калышканда капысынан архитекторлор терезе текчелеринин имерилиш багытын алмаштыргысы келет. Натыйжада бир терезенин алдында трапеция, ал эми башкасынын алды — төрт бурчтук шекилдүү болуп калган. Куруучуларды кайра баштан жасоого зордой алышкан эмес. Алар көпкө создуктуруп жүрө беришкен, ал эми кийин объектини өткөрүшкөн соң, кайра буздуруунун кажети жок эле.

  • Бишкекке саякат: Ак үй
    1926-жылы Фрунзеде аткаруу комитетинин борбордук имараты пайда болгон
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Учурда бул жерде Мадания, маалымат жана туризм министрлиги орун алган
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Фрунзе шаарынын борбордук аянты. 1-майда бегилөө. 1929-жыл.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Фрунзе шаарындагы Никольский чиркөөсүнүн аянттан көрүнүшү. 1930-жыл.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    1936-жылы Юрий Дубовдун долбоору боюнча өкмөттүн жаңы имараты салынган.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Имараттын балкон-трибунасы аны көркүнө чыгарган. Жетекчилер жүрүшкө чыккандар менен ошол жерден учурашкан.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Учурда бул жерде Жогорку сот орун алган.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    1957-жылы анын жанына республикалык партиялык мектеп салынган. Сегиз жылдан кийин имарат реконструкциядан өтүп, кире беришине эки катар 16 колонна коюлган.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Кыргызстан эгемендик алгандан кийин бул жерде Жогорку Кеңеш көпкө чейин орун очок алган. Учурда бул жерде КР өкмөтү жайгашкан.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    70-жылдардын ортосунда өлкө жетекчилери жаңы кызматтык имараттар керек деп чечишкен.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Жаңы имаратты шаардык стадиондун жанына салынуу чечишкен.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Стадиондо көп жылдар бою футбол, баскетбол, волейбол жана кол топ боюнча мелдештер өтүп келген. Бул жерде ошондой эле үч бассейн болгон. Кышында муз аянтына айланган.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Стадиондо көп жылдар бою футбол, баскетбол, волейбол жана кол топ боюнча мелдештер өтүп келген. Бул жерде ошондой эле үч бассейн болгон. Кышында муз аянтына айланган.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Фрунзе шаарындагы парашют секиси. 1964-жыл.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Архитекторлор В.Радкевич, Г.Кутателадзе, В.Лызенко Фрунзе шаарынын макети менен. 1979-жыл.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    "Фрунзешаардолбоор" институтунун өнөрканасы.
    © РИА Новости, Аврора / Петр Романов . Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Кыргызстандын БК КПнын жаңы имаратынын пайдубалын түптөө. 1979-жыл.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    "Ак үйдүн" жалпы көрүнүшү. 1984-жыл.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залы.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Жогорку Кеңештин имаратындагы Кыргызстандын желеги менен Конституция
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 20
© Фото / Центральный Госархив КР
1926-жылы Фрунзеде аткаруу комитетинин борбордук имараты пайда болгон
Дагы бир кызык айырмачылыгы — алтынчы кабаттын бурчундагы бөлмөлөр. Долбоор боюнча алардын ордунда ачык лоджиялар каралган. Архитекторлор конструкторлор менен бирге бурчтагы консолдорун (оркоюп чыгып турган жерлерин) 7-кабатты асманга оболотуп тургандай курууну көздөшкөн. Курулушчулар бул идеяны ишке ашыра албай калабыз деп чочулашкан, бирок пландалгандай чыккан. Негедир кийин бөлмөлөрдүн санын көбөйтүү үчүн лоджияларды да айнектетүүгө кимдир бирөө буйрук берген.

Имараттын ички жасалгасы да өзүнчө кеп кылууга татыйт. Архитекторлор чоң бөлүктөр менен кең кылып жасалгалашмак, бирок буюртмачы көп бөлүктөрү менен улуттук үлгүнү сунуштаган. Ошентип, таш менен каптоо иши башталган. Ташты объектинин өзүндө кесип, иштеп чыгып, жылмакайлап, ага катар эле оймо-чиймелердин ар кыл түрүн ойлоп табышкан. Мындай ыкма имарат ичин жасалгалоодо жаңы технология болгон. Объекттге түрдүү түстөгү жергиликтүү мраморду ташып келишкен. Бул ички жасалганы ого бетер көркүнө чыгарган.

Тема:
Бишкекке — 140 жыл (34)
Белгилер:
Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ