Муратбек Бегалиев: музыка деп айылдан ыйлап качып чыккам

© Sputnik / Мирбек СакеновТоктогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, КРдин эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев
Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, КРдин эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, КРдин эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиевдин туулган күнү.

Белгилүү композитор 63 жашка чыкты, дайым иш үстүндө, командировкадан колу бошобойт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы музыкантты куттуктаганча маек куруп келди.

— Туулган күнүңүз менен! Чалсак эле бошобой же командировкада жүргөн болосуз…

— Рахмат. Италиялыктардын "Фигаро там, Фигаро тут" деген жакшы операсы бар эмеспи. Жашоом ошондой болуп жатат. Жакында эле Түркияда, Кытайда, коңшу Казакстанда болуп келдим. Андан сырткары, жаратылышы кооз Нарын облусуна да бардым. Минтип турбаса чыгарма жаралбайт экен да. Эл-жерди кыдырганда кубаттанып, күч топтоп, анан чыгармачылык менен алпурушуп отуруп калмай.

© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваКР эл артисти Муратбек Бегалиев 1993-жылдан бери Улуттук консерваторияны жетектеп келет
Народный артист КР, композитор, ректор Кыргызской Национальной консерватории Муратбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
КР эл артисти Муратбек Бегалиев 1993-жылдан бери Улуттук консерваторияны жетектеп келет

— Анда бул күндөрү да жаңы чыгарма жаратайын деп турган экенсиз?

— Жакында эле "Саякбай" көркөм тасмасына музыка жазып бердим. Бүгүн эле жаш режиссер Руслан Акун кайрылды. Ал кыргыздын улуттук оюну боюнча фильм тартып бүтүп калыптыр, музыка жазып бериңиз деп жатат. Анан быйыл биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айматовдун 90 жылдыгына карата Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөдө да иш-чаралар уюштурулууда. Мен ал инсан менен чогуу жүрүп, жакын санаалаш адамы болгондуктан ал иштерди да калтырган жокмун. Мисалы, Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлуп жаткан "Жамийла" спектаклине музыка жазып, дагы бир ырдын обонун жараттым. Андан сырткары, биздин киночулар Чыңгыз Төрөкуловичтин өмүрү, чыгармачылыгы боюнча тасма тартканы жатышыптыр. Музыка жазып берейин деп шымаланып турам. Ошондой эле былтыр Кытайда бүткүл дүйнөнүн ректорлору чогулган. Анда кесиптештерим Пекиндин "Бир алкак — Бир жол" долбооруна музыка жазып бериңиз деп өтүнгөн эле. Аны жарым жылдан ашык убакыт сарптап бүтүрүп, жакында ал боюнча оркестрге салайын деп жатам. Буюрса, чыгарма күзүндө Шанхайда угузулуп, анан аны башка мамлекеттер алат. Кыскасы иш көп.

© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваКомпозитор: биздин киночулар Чыңгыз Төрөкуловичтин өмүрү, чыгармачылыгы боюнча тасма тартканы жатышыптыр. Музыка жазып берейин деп шымаланып турам
Народный артист КР, композитор, ректор Кыргызской Национальной консерватории Муратбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Композитор: биздин киночулар Чыңгыз Төрөкуловичтин өмүрү, чыгармачылыгы боюнча тасма тартканы жатышыптыр. Музыка жазып берейин деп шымаланып турам

— Ректорлук деп калдыңыз. Сиздин демилгеңиз менен 1993-жылы Улуттук консерватория ачылган. Кезинде бир топ эле кыйынчылыктар болсо керек?

— Ойлосом, убагында консерваторияны ачканыбыз жакшы иш болгон экен. Балет, театр, кино музыкасыз болбойт. Бизден чоңойгон студенттер учурда өзүбүздө, чет өлкөлөрдө ийгиликтүү окуп, эмгектенүүдө. Кудай буюрса, быйыл окуу жайдын 25 жылдыгын белгилейбиз. Ошондо Америка, Италия, Германия, Япония, Франция, Россия, Казакстан, Англияга чейин кетип иштеп жаткан таланттуу жаштарыбызды чогултабыз. Албетте, башында кыйынчылыктар, жада калса бут тосуулар да болгон. Бирок азыр аны мен эстегим келбейт.

— Шакирттериңиздердин арасында дүйнөнү багындырып жаткандар болсо керек?

Народный артист КР, акын-сказитель Замирбек Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
Замирбек Үсөнбаев: өмүрүмдө бир да жолу арак ичип, чылым тарткан жокмун
— Ооба. Уучубуз куру эмес. Кайсы өлкөгө барбайын, сөзсүз эки-үч студентибизди көрөм. Азыр биздин 17 жаштагы бир окуучубуз Швецияда жашап, ал жакта ырдап өз таланты менен дүйнөнү таң калтырып жатат. Дагы бир скрипач Кузьма Бодров деген балабыз Россиянын сыймыгына айланган композитор болду. Бул чети эле, таланты менен чет элдиктердин оозун ачырып жаткан уул-кыздарыбыз аябай эле көп.

— Эгер Чыңгыз Айматов жазуучу болбосо, мыкты композитор болмок деген сөзүңүз бар эле. Ал эми сиз музыка менен кетпегенде кайсы кесиптин ээси болмоксуз?

— Балким жазуучулук менен кетмекмин. Анткени мен азыркыга чейин чыгарма жазып калам, буга чейин үч ыр китебим жарык көргөн. Бирок мен өзүмдү акынмын деп эсептебейм. Менин тулку боюм музыка. Эгерде күчкө салып театрга жиберсе, ал жактан деле таланттуу актер болуп чыкмакмын.

© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваБегалиев: Айтматов ырдын "Кыялымда ак куу болуп" деген сабы ушундай болсо деп ырдап жиберди. Анан мен ошону өзөк катары алып обонун жазгам. Бул киши менен көп нерсени сүйлөшчүбүз.
Народный артист КР, композитор, ректор Кыргызской Национальной консерватории Муратбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Бегалиев: Айтматов ырдын "Кыялымда ак куу болуп" деген сабы ушундай болсо деп ырдап жиберди. Анан мен ошону өзөк катары алып обонун жазгам. Бул киши менен көп нерсени сүйлөшчүбүз.

— Айтматов темасын улантсак, сиз ал инсан менен жакын мамиледе элеңиз. Жазуучунун кайсы сапатын баса белгилеп айтаар элеңиз?

— "Жан дүйнө ырдайт, симфония жазылат" деген сөзүм бар. Жан дүйнө ырдап турбаса, симфония кайдан жазылат. Чыңгыз Айтматов менен баарлашып отурганда көп жакшы жактарын байкачумун. Ал инсан көңүлү жакшы болуп турганда ырдап да жиберчү. Мисалы, "Ысык-Көлдү сагынуу" деген ырын айтсам. Ал киши текстин жазып, экөөбүз аны талкуулап калдык. Ошондо Айтматов ырдын "Кыялымда ак куу болуп" деген сабы ушундай болсо деп ырдап жиберди. Анан мен ошону өзөк катары алып обонун жазгам. Бул киши менен көп нерсени сүйлөшчүбүз. Чыңгыз Төрөкуловичтин Кудайдан берилген таланты болгон. Мындай инсан миң жылда жаралабы-жаралбайбы, Кудай өзү билет.

— Сизге дем-күч берип турган үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

— Мени музыка бекем кармап калган экен. Ошондон улам аябай кеч үйлөндүм. Аялым поляк кызы, аны менен чет жакта окуп жүрүп таанышкам. Ал виолончелист, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Ортодо бир кызыбыз бар. Азыр ал консерваторияда окуп жатат. Пианист, скрипач төрт-беш тилде эркин сүйлөйт. Аны ала качып кетпесин деп чет жакка жибербей жатам. Кыргызстандыктардын сүймөнчүлүктүү музыканты болсун.

© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваУлуттук консерваториянын ректору: азыр 17 жаштагы бир окуучубуз Швецияда жашап, ал жакта ырдап өз таланты менен дүйнөнү таң калтырып жатат. Дагы бир скрипач Кузьма Бодров деген балабыз Россиянын сыймыгына айланган композитор болду.
Народный артист КР, композитор, ректор Кыргызской Национальной консерватории Муратбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Улуттук консерваториянын ректору: азыр 17 жаштагы бир окуучубуз Швецияда жашап, ал жакта ырдап өз таланты менен дүйнөнү таң калтырып жатат. Дагы бир скрипач Кузьма Бодров деген балабыз Россиянын сыймыгына айланган композитор болду.

— Соңку суроо. Сиздин чыгармачылыгыңызды билбеген адам, эмгектериңиз жаңырбаган өлкө аз болуш керек. Айылдан аттанып, ийгиликтерди көздөй чыккан күнүңүз эсиңиздеби?

— Менин балагым Жумгалдын Миң-Куш айылында өттү. Музыкага кичинекей кезимде эле кызыгуум күч болчу. 7-классты аяктаганда үйдөгүлөр борборго жибербей койду. Азыр баамдасам, үйгө каралашып караан болот дешкен ген окшойт. Ага болбой, мен композитор болом деп ыйлап, түйүнчөгүмдү түйүп чоң энеме акырын айтып, түн ортосунда автобуска түшүп алып качып кеткем. Кийин Бишкекте, Москвада, Германияда көп жыл билим алдым. Анан адам жашоодо кичине өжөр болуп коюш керек экен. Ошентип өжөрлөнүп эмгектенип жүрүп ушул даражага жеттим.

Жаңылыктар түрмөгү
0