Залкарлар Рыскулов менен Күмүшалиевага арналган республикалык фестиваль өтөт

© Фото / Александр ФедоровМуратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиева бала-чакасы менен.
Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиева бала-чакасы менен. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий иш-чара аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулууда.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте СССРдин артисти Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгына, эл артисти Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына жана атактуу режиссёр Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган республикалык Х театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Коркут Ата спектакли. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Коркут Ата" спектакли Алматыда калыстардын атайын сыйлыгына татыды
Ага ылайык, фестиваль 24-29-июнь күндөрү болмокчу. Маданий иш-чара аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулуп, ага бардык облустардагы театрлар катышат.

Муратбек Рыскулов – Тянь-Шандын Жумгал районуна караштуу Кайырма (азыркы Байзак) айылында төрөлгөн. Анын аткарган ролдору ушул күнгө чейин элдин эсинде.

Ал эми кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиева өмүрүнүн 73 жылын киного жана сахнага арнаган.

Эки залкардын уулу Искендер Рыскулов Ош драма театрында 12 жыл эмгектенген соң 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына башкы режиссёр болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0