Чокморовго "көңүлдөш" болгон Сейдакматова. "Улан" тасмасынан таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын сүрөтү Ысык-Көл облусунда 1977-жылы тартылып алынган.

Ал жылы режиссер Төлөмүш Океев "Улан " тасмасын тарткан. Анда Чокморов башкы каарман Азаттын ролун аткарса, анын көңүлдөшүнүн образын Сейдакматова жараткан.

Ичкиликке берилип үй-бүлөсүнөн, кызматынан айрылып, түрмөгө камалган адамдын тагдырын баяндаган фильмди тартуу учурун Жамал Сейдакматова мындайча эскерет.

"Мен бөтөлкө сатып алып иштеген Салиманын образын жараткам. Тартуу иштери дайыма ыр-күлкү менен коштолчу. Себеби Океев менен Чокморовдун тамашасы түгөнчү эмес. Анан Сүймөнкул менен чогуу иштөө аябай жеңил болчу. Камчы салдырбаган таланттуу актер эле. Ошондой эле Наталья Аринбасарова, Советбек Жумадылов, Асанкул Куттубаев, Асанбек Умуралиевдер да катышкан. Тасманын көпчүлүк бөлүгү Чолпон-Ата, Балыкчы шаарында тартылып, жергиликтүү тургундар бизди конокко аябай көп чакырчу. Чогуу иштеген москвалык адистер элдин меймандостугуна таң кала берчү", — деди актриса.

Народная артистка Киргизской ССР,  Герой Кыргызской Республики Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
Эпейген экөө... "Лифти бар үйдөгү тепкичтердеги" таберик сүрөт
Аталган фильм ошол эле жылы көрүүчүлөргө сунушталып, 1978-жылы Еревандагы Бүткүл союздук XI кинофестивалда Төлөмүш Океев мыкты режиссёрлук иши, ал эми Сүймөнкүл Чокморов эркектин ролун өтөсүнө чыгара аткаргандыгы үчүн сыйлыкка ээ болгон. Андан сырткары, Ташкенттеги V Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалында ошол эле номинациялар боюнча жеңишке жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0