Хакасияда өткөн "От ыры" эл аралык конкурсунда кыргызстандык ырчы биринчи болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофессиональная фотосессия для Мэлани Сариевой
Профессиональная фотосессия для Мэлани Сариевой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыкты аталыш үчүн 26 мамлекеттен ырчылар катышкан.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Милана Сариева "От ыры — 2018" V эл аралык этникалык эстрада фестиваль-конкурсунда биринчи орунду алды. Бул тууралуу калыстар тобунун мүчөсү, КРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Конкурстун финалы 12-июнда Абакан (Хакасия) шаарында өткөн. Мыкты аталыш үчүн 26 мамлекеттен келген ырчылар ат салышкан. Кыргызстандын атынан Милана Сариева менен Марсиана катышкан.

Публикация от Айчурок Иманалиева (@aichurekimanalieva) 12 Июн 2018 в 8:39 PDT

"Башкалардай эле биздин катышуучуларга тынчсызданып жаттым. Башка мамлекеттен дагы күчтүү ырчылар келиптир. Конкурс жогорку деңгээлде өттү. Биздин катышуучулар мыктылыгын көрсөттү, аларды чындап баалашты. Жаш аткаруучулар үчүн биринчи орун жакшы жетишкендиктердин бири", — деди Иманалиева.

Анын айтымында, Сариева 80 миң рублдик сертификат алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0