Бишкекте "Айтматов ааламы" көргөзмөсү ачылды

© Фото / пресс-служба КыргызпатентВыставка-конкурс молодых художников "Вселенная Айтматова"
Выставка-конкурс молодых художников Вселенная Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айтматов тууралуу түрдүү тематикада тартылган эмгектерди каалоочулар 27-июнга чейин көрө алат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кечээ, 8-июнь күнү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата жаш сүрөтчүлөрдүн "Айтматов ааламы" көргөзмө-сынагы ачылды. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) билдирди.

Көргөзмөнүн максаты – залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын көркөм сүрөт өнөрүндө, заманбап сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринде чагылдыруу.

"Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан келген 80ге жакын жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду. Ал эми жеңүүчүлөргө дипломдор, сертификаттар жана атайын сыйлыктар ыйгарылды", — деп айтылат маалыматта.

Айтматов тууралуу түрдүү тематикада тартылган эмгектерди каалоочулар 27-июнга чейин көрө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0