01:09 24 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Маданият

Океев, Жумадылов, Байжиев... Кыргыз киносунун алптары таберик сүрөттө

Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (38)
11510
Советбеку Джумадылову исполнилось бы 83 года
© Фото / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти, режиссер Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун сүрөтү 1980-жылы Фрунзе шаарында тартылган.

Ал жылы режиссер Океев "Алтын күз" тасмасын тарта баштаган. Сценарийин Мар Байжиев жазса, башкы ролду казакстандык актер Жолжаксынов ойногон.

Аталган фильмде образ жараткан КР эл артисти Жамал Сейдакматова ошол учурду мындайча эскерет:

"Алтын күз" Фрунзе, Алматы шаарында тартылып, ага кыргызстандык, казакстандык актерлер катышкан. Анда журналисттин ролун казак Досхан Жолжаксынов аткарган. Төлөмүш Океев анын актердук чеберчилигин баалачу, тасмаларына көп чакырып турган. Андан сырткары, бул тасмага кыргыз элинин каймактары да тартылган. Алсак, Болот Миңжылкыев, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мамбет Мамакеев да роль жараткан жайы бар. Ал эми сценарийин Мар Байжиев жазып, фильмди тартуу иштери беш айда соңуна чыккан. Ошол маалда режиссер Төлөмүш Океевдин атагы алыска кетип, жылдызы жанып турган кез эле. Себеби ал инсандын тарткан эмгектеринин ар бир эпизоду сүйлөп турчу", — деди Сейдакматова.

Фильм 1981-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, бир катар эл аралык фестивалдарга катышкан.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (38)

Тема боюнча

"Эне-бала" Бакен Кыдыкеева менен Болот Бейшеналиев. Таберик сүрөт
Бакен Кыдыкеевага "кайткан" Советбек Жумадылов. "Көчө" тасмасындагы таберик сүрөт
Эпейген экөө... "Лифти бар үйдөгү тепкичтердеги" таберик сүрөт
Белгилер:
кино тасма, Сүрөт, Советбек Жумадылов, Төлөмүш Океев, Мар Байжиев, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ