Бишкекке Алтайдан көмөкөй үндүү ырчылар келди. Концерт өтчү жай

© Sputnik / Акылбек БатырбековТоктогул Сатылганов атындагы улуттук филармония. Архив
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтайлык жана кыргызстандык музыканттар бир сахнада өнөр тартуулашат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Борбор калаада Алтайдан келген көмөкөй үндүү ырчылардын концерти өтө турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында иш-чаранын уюштуруучусу Наталья Токова билдирди.

Анын айтымында, "Алтай — бабалардын жери" аттуу концерт 7-июнда саат 18.30да Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болмокчу. Ага алтайлык композиторлор, музыканттар, ырчы-бийчилер, айтуучулук өнөрдүн ээлери болуп бардыгы 10 киши катышат. Алардан тышкары өнөрүн кыргызстандык "Арашан" ансамбли да тартуулайт.

"Иш-чаранын максаты — бир тууган эки элдин ортосундагы маданий жана достук алаканы бекемдөө, алтай маданиятын жана көмөкөй менен ырдоо өнөрүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтүү", — деди Токова.

Төкмө акын Баян Акматов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Акматов: жамакчы аракеттенсе төкмө акын боло алат
Артисттер Бишкекке 5-июнь күнү эртең менен келишти. Меймандар кыргыздар менен алтайлыктардын сырткы келбети эле эмес, маданияты да окшош экенин белгилешти.

"Тегерегиңди карап эч жакка чыкпагандай болот экенсиң. Ошол эле жүздөр, ошол эле жазуулар, тили да түшүнүктүү. Биз маданиятыбыздын айрым өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүгө аракет кылабыз. Жергиликтүү артисттер менен чогуу өтчү концерт кызыктуу болот деген ишеним бар", — деди этноаткаруучу Шонкор Модоров.

Көмөкөй үндүү ырчылардын өнөрүнөн тышкары кыргызстандыктар алтай улуттук аспаптарынын да үнүн эшитет.

Жаңылыктар түрмөгү
0