Быйылтан тарта Кыргызстанда "Айыл оттору" фестивалы өтүп турат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүФестиваль прикладного народного искусства в Нарыне
Фестиваль прикладного народного искусства в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль расмий жана маданий болуп эки бөлүктөн турат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Ушул жылдын июль айында Алай районунун Гүлчө айылында мамлекеттик деңгээлдеги "Айыл оттору" фестивалы өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Быйыл "Аймактарды өнүктүрүү жылынын" алкагында өткөрүлүп жаткан бул иш-чара мындан ары жыл сайын ар кайсы региондо кезеги менен болуп турмакчы.

Торжественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Бактуу Долоноту - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр дүйнөсүнө сүңгүп... Бишкекте улуттук оюндардын фестивалы өтөт
Негизги максаты — айыл жергесинде көп жылдан бери көңүл бурулбай калган маданият тармагын өнүктүрүү жана элдин сапаттуу эс алуусуна шарт түзүү.

Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында жергиликтүү кол өнөрчүлөр, уздар жана таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүлөрү айтылууда.

Фестиваль расмий жана маданий болуп эки бөлүктөн турат. Расмий бөлүктүн катышуучулары айыл жергесинде маданият тармагын, кол өнөрчүлүктү жана туризмди көтөрүү боюнча талкуу жүргүзөт. Ал эми маданият бөлүгүндө жергиликтүү таланттар жана борбор калаадан барган өнөр адамдары концерт коюшат.

Жаңылыктар түрмөгү
0