"Улуу кыргыз оюндары" тасмаcы жакында көрсөтүлөт. Мамагенттик фильм тууралуу

Жазылуу
Тасма тартуу демилгеси II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин көтөрүлүп, ошол жылы эле тартыла баштаган

БИШКЕК, 25-май. — Sputnik. Улуттук спорттук оюндарга арналган "Улуу кыргыз оюндары" тасмасы жакынкы аралыкта көрүүчүлөргө сунушталат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Торжественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Бактуу Долоноту - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр дүйнөсүнө сүңгүп... Бишкекте улуттук оюндардын фестивалы өтөт
Маалыматка ылайык, даректүү тасма 23-май күнү презентацияланган. Аны тартуу демилгеси 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин көтөрүлүп, ошол эле жылы тартыла баштаган. Ал кыргыз элинин жана көчмөндөрдүн спорттук оюндарынын маани-маңызы, тарыхы жөнүндө баяндаган биринчи тасма болуп калат.

Фильмде "Манас" эпосундагы эпизоддор анимацияланып, көк бөрү, ат чабыш, ордо жана кыргыз күрөшү тууралуу көрсөтүлөт.

Андан сырткары, фильмде белгилүү спортчулардын жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча борбордун (азыркы Улуттук спорттун түрү боюнча дирекциясынын — ред). жетекчилеринин маектери жана архивдик видеолор колдонулган.

Тасма тартуу иштери Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында жүргүзүлгөн. Эми аны жакынкы аралыктар республикалык телеканалдар аркылуу көрүүчүлөргө сунуштоо пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0