Көчмөндөр дүйнөсүнө сүңгүп... Бишкекте улуттук оюндардын фестивалы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Бактуу Долоноту
Торжественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Бактуу Долоноту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалга келген коноктор эстелик үчүн жаачы жана бүркүтчүлөр менен сүрөткө түшө алат.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) кирген спорттук улуттук түрлөрүнүн фестивалы өтөт. Бул тууралуу ДКОнун катчылыгынан билдиришти.

Национальные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
ДКО салбуурунду кандай эрежеде өткөрөт? Бүркүт салуу, далба ойнотуу, тайган жарыш
26-май күнү "Бишкекпарк" соода борборунда боло турган иш-чарага кирүү акысыз.

Фестивалдын алкагында балдар арасында тогуз коргоол боюнча эл аралык сынак өтөт. Ошондой эле III Көчмөндөр оюндарына кирген спорт түрлөрү боюнча мастер-класстар көрсөтүлөт.

Иш-чаранын бардык катышуучулары улуттук кийимчен чыгат.

Мындан тышкары, бул жерге келгендер жергиликтүү артисттердин аткаруусундагы энто-ырларга жана бийлерге күбө болуп, коноктор эстелик үчүн жаачы жана бүркүтчүлөр менен сүрөткө түшө алат.

ДКО 2018-жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0