Бийлик "Ала-Тоо" кинотеатрын түрттүрмөк болгон. Эски имараттын тарыхы

© Фото / Центральный Госархив КРПервый большой кинотеатр в городе Фрунзе — «Ала-Тоо»
Первый большой кинотеатр в городе Фрунзе — «Ала-Тоо» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушка чейинки Фрунзе дүркүрөп өсүп, калаада завод, медициналык, билим берүү, маданий мекемелердин курулушу кызуу жүрүп жаткан. Маанилүү архитектуралык объектилердин бири – азыркы Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилиш бурчунда тургузулган «Ала-Тоо» алгачкы ири кинотеатры.
"Ала-Тоо" кинотеатры

Алгачкы коомдук кинокөрсөтүүлөр Кыргызстанда 1911-жылы эле башталган, агезде француз ишканасы Пишпекте "Марс" жана "Метеор" чакан кинотеатрларын ачкан. 1913-жылы Эмен паркында дагы бир — "Эдисон" кинозалы иштей баштаган, кийин анын ордуна 25 чөйчөктөн турган фонтанды курушкан. Эскилердин эскерүүсү боюнча ал жайда ошол кездеги жаш музыкант, баралына келгенде белгилүү советтик композиторго айланган Исаак Шварц пианинодо ойночу.

© Sputnik / Александр Поготов / Медиабанкка өтүүФонтан "25 чаш" в центральном сквере города Фрунзе
Фонтан 25 чаш в центральном сквере города Фрунзе - Sputnik Кыргызстан
Фонтан "25 чаш" в центральном сквере города Фрунзе

Мурдагы кинозалдардын баары эски имараттарда жайгашкан, ошол себептен республиканын баш калаасында 1938-жылы агездеги чоң, жаңы кинотеатрдын ачылышы калаанын маданий турмушунда көзгө урунар жаңылык болгон. Долбоордун автору дал ушул кинотеатрларды уюштуруу боюнча адистешкен Виктор Калмыков болгон. Анын долбоорлору менен 1930-1940-жылдар аралыгында СССРдин ар кыл шаарларында элүү чакты кинотеатр курулган.

© Фото / Центральный Госархив КРПервый большой кинотеатр во Фрунзе — "Ала-Тоо"
Первый большой кинотеатр во Фрунзе — Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Первый большой кинотеатр во Фрунзе — "Ала-Тоо"

Фрунзеликтер «Ала-Тоого» майрамга баргандай агылышчу. Кинотеатрга кирүү бара-бара чыныгы маданий иш-чарага айланган, себеби анда телевидение чыга элек кез эле. Көп өтпөй, согуш жаңы башталган маалда Фрунзеге Белоруссиядан Эдди Рознер жана Юзеф Скоморовскийдин джаз-оркестрлери ташылып келип, кинотеатрдын фойесинде сеанстар ортосунда жанга жагымдуу музыка тыңдап, бийге түшүп, атургай, шампандан ууртап эс алууга болор эле. Ал эми сырттан залдын ичине чейин жыты аңкып турган самса тандырда жабылчу.

Кинотеатр алгач «Авангард» аталганы ырас: индустриализация жана дүркүрөгөн курулуш жылдары баары көч башында болууга умтулушкан. Акын Жоомарт Бөкөнбаев “Ала-Тоо” деп атоону сунуштабаганда, ошол аталышы сакталып калмак беле, ким билет. Акындын демилгеси жактырылып, аталган маданий жайдын аталышы азыркыга чейин өзгөрбөй келет.

© Фото / Центральный Госархив КРПервый большой кинотеатр в городе Фрунзе — «Ала-Тоо»
Первый большой кинотеатр в городе Фрунзе — «Ала-Тоо» - Sputnik Кыргызстан
Первый большой кинотеатр в городе Фрунзе — «Ала-Тоо»

Кинотеатрдын бир башынан ал кезде дүңгүрөп турган фрунзелик "брод" (айтылуу Бродвейдин үлгүсү боюнча) Панфилов паркы жана шаардык стадионго чейин созулган. Күүгүм түшкөндө шаардык жаштар аны аралай сейилдешкен.

Кинотеатрдын анчалык көркөмдөлбөгөн кире бериши кийин 1963-жылы кайра жасалгаланган. Түндүк Кыргызстандын Россияга кошулушунун 100 жылдыгына карата сүрөтчүлөр Александр Воронин, Сабитжан Бакашев, Алексей Каменский жана Заур Хабибулин аны түстүү керамикалык сүрөт менен кооздошкон.

© Фото / Центральный Госархив КРПервый большой кинотеатр во Фрунзе — "Ала-Тоо"
Первый большой кинотеатр во Фрунзе — Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Первый большой кинотеатр во Фрунзе — "Ала-Тоо"

1976-жылы кинотеатрда балдар үчүн "Улан" залы ачылып, кичинекей фрунзеликтерди кубанткан. Анда мультфильм, балдар тасмалары, СССР элдеринин жомоктору көрсөтүлчү.

Кинотеатр шаардык тургундардын көңүлүн ээлеп алгандыктан, калаа башчылыгы Фрунзенин архитектуралык көркүнө туура келбейт деген негизде бузууга бел байлаганда алар аны коргоого чыгышкан.

© Фото / Центральный Госархив КРОткрытие в городе Фрунзе в 1938 году кинотеатра «Ала-Тоо» стало грандиозным событием для всех жителей.
Первый большой кинотеатр в городе Фрунзе — «Ала-Тоо» - Sputnik Кыргызстан
1/8
Открытие в городе Фрунзе в 1938 году кинотеатра «Ала-Тоо» стало грандиозным событием для всех жителей.
© Фото / Центральный Госархив КРПосетители кинотеатра "Ударник" в дубовом парке города Фрунзе. 1956 год
Кинотеатр Ударник в города Фрунзе. 1956 год - Sputnik Кыргызстан
2/8
Посетители кинотеатра "Ударник" в дубовом парке города Фрунзе. 1956 год
© Фото / Центральный Госархив КРДевушки в школьной форме на фоне летнего театра в городе Фрунзе.
Летний театр в городе Фрунзе - Sputnik Кыргызстан
3/8
Девушки в школьной форме на фоне летнего театра в городе Фрунзе.
© Фото / Центральный Госархив КРОткрытие в городе Фрунзе в 1938 году кинотеатра «Ала-Тоо» стало грандиозным событием для всех жителей.
Первый большой кинотеатр в городе Фрунзе — «Ала-Тоо» - Sputnik Кыргызстан
4/8
Открытие в городе Фрунзе в 1938 году кинотеатра «Ала-Тоо» стало грандиозным событием для всех жителей.
© Центральный Госархив КРОткрытие в городе Фрунзе в 1938 году кинотеатра «Ала-Тоо» стало грандиозным событием для всех жителей.
Первый большой кинотеатр в городе Фрунзе — «Ала-Тоо» - Sputnik Кыргызстан
5/8
Открытие в городе Фрунзе в 1938 году кинотеатра «Ала-Тоо» стало грандиозным событием для всех жителей.
© Фото / Центральный Госархив КРПавильон «Соки, газированные воды», построенный архитектором Александром Альбанским в 1952 году.
Павильон «Соки, газированные воды» - Sputnik Кыргызстан
6/8
Павильон «Соки, газированные воды», построенный архитектором Александром Альбанским в 1952 году.
© Фото / Центральный Госархив КРПавильон «Соки, газированные воды», построенный архитектором Александром Альбанским в 1952 году.
Павильон «Соки, газированные воды» - Sputnik Кыргызстан
7/8
Павильон «Соки, газированные воды», построенный архитектором Александром Альбанским в 1952 году.
© Фото / Центральный Госархив КРОткрытие в городе Фрунзе в 1938 году кинотеатра «Ала-Тоо» стало грандиозным событием для всех жителей.
Первый большой кинотеатр в городе Фрунзе — «Ала-Тоо» - Sputnik Кыргызстан
8/8
Открытие в городе Фрунзе в 1938 году кинотеатра «Ала-Тоо» стало грандиозным событием для всех жителей.
1/8
Открытие в городе Фрунзе в 1938 году кинотеатра «Ала-Тоо» стало грандиозным событием для всех жителей.
2/8
Посетители кинотеатра "Ударник" в дубовом парке города Фрунзе. 1956 год
3/8
Девушки в школьной форме на фоне летнего театра в городе Фрунзе.
4/8
Открытие в городе Фрунзе в 1938 году кинотеатра «Ала-Тоо» стало грандиозным событием для всех жителей.
5/8
Открытие в городе Фрунзе в 1938 году кинотеатра «Ала-Тоо» стало грандиозным событием для всех жителей.
6/8
Павильон «Соки, газированные воды», построенный архитектором Александром Альбанским в 1952 году.
7/8
Павильон «Соки, газированные воды», построенный архитектором Александром Альбанским в 1952 году.
8/8
Открытие в городе Фрунзе в 1938 году кинотеатра «Ала-Тоо» стало грандиозным событием для всех жителей.

Шаардыктардын аракети жерде калбай, 1981-жылы "Ала-Тоо" имаратына тарыхый жана маданий эстелик макамы берилген.

2007-жылы кинотеатрдын имараты кайра оңдолуп, жаңы жабдык орнотулган: "Ала-Тоо" тасмалар алгачкылардан болуп 3D санарип форматында көрсөтүлө баштаган. Ушул чакта кинотеатрда 344 орундуу чоң, 159 орундуу бир кичи жана ата мекендик тасмалар көрсөтүлчү эки чакан зал иштейт.

Кинотеатрдын жанында азыркыга чейин шаардыктардын сүйүктүү жайы болуп келе жаткан табигый жана архитектуралык эки эстелик сакталып калган. Биринчиси — Пишпек уездинин начальниги Александр Талызиндин короо-жайында өскөн жүз жылдык эмен багы. Экинчиси — 1952-жылы архитектор Александр Альбанский тарабынан курулган “Арашан суусу” павильону.

Пластикалык үлгүдөгү бул чакан архитектуралык композиция улуттук оймо-чийме жана салттык көркөм-кол өнөрчүлүк элементтери менен кооздолгон. Тегерек павильон ачык, көчө жакты караган тепкичи бар, жерден бир аз өйдө курулган аянтчада орнотулган. Анын бийиктиги – 7 метр, төбөсү тирөөчтөр менен кармалып, томпоюп турат. Дал ортосунда тургузулган Ольга Мануйлованын жер-жемиш табагын башында көтөрүп бараткан бийкечтин айкели павильондун көркүн чыгарып турат. Аны бака шекилиндеги майда скульптуралардан турган фонтан курчайт.

© Фото / Центральный Госархив КРПавильон "Соки, газированные воды"
Павильон Соки, газированные воды - Sputnik Кыргызстан
Павильон "Соки, газированные воды"

Павильон жаңы иштей баштаган жылдары бул жерде адегенде маңыз ширени, андан соң газдалган сууну кол менен куюп сатуучу айымдар отурган. Кийин ар кыл маңыз ширелер толтурулган газдалган суу автоматтары орнотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0