Май айынын аягында Улуттук драма театрында 92-сезон жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын сахнасы. Архив
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын сахнасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сезондо "Байтааныш" жана "Рамаяна" спекталдери жыйынтыктайт.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры май айынын аягында 92-театралдык сезонун жыйынтыктайт. Бул тууралуу мекеменин адабий бөлүмүнүн жетекчиси Нуркыз Рыскул кызы кабарлады.

Быйылкы театралдык сезонду жыйынтыктоочу спектаклдер 19-31-май күндөрү коюлат.

"19-25-майда Түркия драматургу Тунджер Джюдженоглунун "Бейтааныш", 30-31-майда Индиянын "Рамаяна" эпосунун негизинде жаралган Бактыгүл Чотурованын "Рамаяна" спекталки көрсөтүлмөкчү", — деди Рыскул кызы.

Анын айтымында, келерки сезон күз айларында ачылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0