Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести боюнча кино тартылат

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүЧингиз Айтматов в своем рабочем кабинете
Чингиз Айтматов в своем рабочем кабинете - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы тасма тартуу иштерин тездетүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чараларды сапаттуу өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү.

"Чыңгыз Айтматов — атамекендик жана дүйнөлүк маданиятка жана адабиятка көрүнүктүү салым кошуу менен бизди, кыргыздарды жана Кыргызстанды бүт дүйнөгө тааныткан адам. Жазуучунун инсандык кеңдигин эске алуу менен бардык маарекелик чаралар эң жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлүшү керек", — деди ал.

Встреча Тугельбая Сыдыкбекова и Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Эмнени сүйлөшүп жатышты экен? Айтматов менен Сыдыкбековдун таберик сүрөтү
Мындан тышкары, жазуучунун туулган жери Талас облусунун Шекер айылында "Чыңгыз-Ордо" маданий комплексинин жакшыртылган концепциясын түзүү боюнча сынактын жеңүчүсүнүн долбоору сунушталды.

Жыйындын жүрүшүндө Абылгазиев Финансы министрлигине тиешелүү буйрук даярдоо менен "Чыңгыз-Ордо" комплексинин курулушун республикалык бюджеттен каржыланган объектилерине киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кинематография департаментине Саха Республикасы (Россия) менен биргеликте жүргүзүлүүчү Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести боюнча тасма тартуу иштерин тездетүү тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0