Султан Раевдин "Маң" драмасы эл аралык фестивалга чакырылды

© Sputnik / Айша КамиловаВ Оше состоялась премьера спектакля "Барсбек"
В Оше состоялась премьера спектакля Барсбек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Самгау" фестивалы 10-16-июнь күндөрү Астана шаарында өтөт.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Драматург Султан Раевдин "Маң" драмасы Астана шаарында өтчү эл аралык "Самгау" театралдык фестивалына жолдомо алды. Бул тууралуу спектаклдин бет ачары болгон Нарын академиялык театрынын Facebook баракчасына жарыяланды.

"Маң" драмасы менен 10-16-июнь күндөрү Астана шаарында өтүүчү эл аралык "Самгау" фестивалына барабыз. Ийгилик каалап коюңуздар", — деп жазылган билдирүүдө.

Ал эми автор өзү учурда фестивалга катуу даярдык көрүлүп, чыгармачыл топ иштеп жатканын айтты.

Эске салсак, аталган драма өткөн аптада Нарындагы Муратбек Рыскулов атындагы театрда биринчи ирет коюлуп, ролдорду жергиликтүү актерлор жаратышкан.

"Маң" — Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" чыгармасынын негизинде жаралган татаал, философиялык-авангарддык чыгарма.

Жаңылыктар түрмөгү
0