Филармонияда 20-май күнү классикалык музыканын концерти өтөт

Жазылуу
Концертке опера жана балет театрынын алдыңкы солисттери менен академиялык хор катышат

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда 20-май күнү артист Дмитрий Хворостовскийдин жаркын элесине арналган классикалык музыканын концерти өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

"Улуу артисттин репертуарындагы чыгармаларды Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин коштоосунда опера ырчысы Денис Седов аткарат. Ошондой эле концертке опера жана балет театрынын алдыңкы солисттери менен академиялык хор катышат", — деп айтылат маалыматта.

Денис Седов — бас-баритон, сегиз тилде ырдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0