"Музейдеги түн" акциясынын аймактарда өтө турган жери жана программасы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Музейдеги түн" акциясы. Архив
Музейдеги түн акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл келген эл үчүн жаңы программа даярдалды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. "Музейдеги түн" акциясы Бишкектен тышкары Кыргызстандын бардык аймагында өтө турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучусу Чолпон Тентиева айтып берди.

Дубандарда акция 20-май күнү саат 18.00дөн 22.00гө чейин өтсө, Бишкектегиси андан эки күн мурункуга пландаштырылган.

"Музейдеги түн" өтчү жерлер:

— Оштогу "Сулайман-тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси;

— Таластагы "Манас-Ордо" улуттук комплекси;

— Баткен облустук драма театры;

— Жалал-Абадда "Билимкана" галереясы;

— Ысык-Көлдө Кажы-Сай айылындагы Shygaev museum заманбап искусство музейи;

— Ысык-Көлдөгү Сары-Ой айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы көчмөн цивилизация борбору;

— Нарында облустук тарыхый-этнографиялык музей.

Быйылкы жылы аталган акция Кыргызстанда бешинчи ирет өтөт. Салтка айланган программа кызыктуу долбоор жана инсталляциялар менен толукталмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0