Англисче, кыргызча саптар сабалаган кыргыз акындардын кечеси өтөт

Жазылуу
Кече 2018-жылдын 18-майында Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында болот.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жакында атактуу акындар Мукан Асаналиев жана Калчоро Көкүловдун чыгармачылыгына арналган поэзия кечеси өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Мукан Асаналиев КР Ардак грамотасынын, Алыкул атындагы жана "Алтын калем" адабий сыйлыктарынын ээси. Көкүлов СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, КТРКнын отличниги, Түрксой уюмунун Ардак грамотасынын ээси.

"Бир канча тилдерде чыгарма жараткан Мукан Асаналиев "Мезгил ыргактары" жана "Белек" аталышындагы китептердин автору. Асаналиев кыргыз поэзиясын англис тилинде сүйлөткөнү менен уникалдуу инсан. Ал эми Калчоро Көкүлөвдун алгачкы "Күзгү обон" ырлар жыйнагы 1982-жылы жарык көрүп, "Мезгил ыргактары", "Аптаптуу айыл" китептери басылып чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Писатель и акын Бердибек Жамгырчиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жамгырчиев: ыр жазган кыздарыма жетпей калганыма сүйүнөм
Асаналиев бүгүнкү күндө 78 акындын чыгармасын англис тилине которгон жана "Курманжан датка" баш болгон бир нече кинонун субтитрлерин англисче сүйлөткөн. Ал эми Көкүловдун чыгармалары өзүнүн терең ойлору жана жогору көркөмдүгү менен окурмандар арасында сүймөнчүлүккө ээ.

Кече 2018-жылдын 18-майында Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0