Католик чиркөөсүнө окшошуп калды деп коркконбуз. Бишкектеги бакыт өргөсүнүн баяны

Жазылуу
Совет жана Иваницин (азыркы Абдрахманов жана Жумабек) көчөлөрүнүн кесилишиндеги Борбордук Бакыт өргөсү 1987-жылы ишке берилген. Андан бери бул имарат ичинде 75 миң түгөйдүн никеси катталган.
Бакыт өргөсү — аудио

Мурда Бакыт өргөсү Фрунзе жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1966-жылы курулган беш кабат турак үйдүн биринчи кабатында жайгашкан. Ошол эле жерде 75 кишилик «Салтанат» кафеси да бар эле. Жыйырма жыл өткөндөн кийин республика жетекчилиги Улуу Октябрь революциясынын 70 жылдыгына карата бир нече объект курууну чечкен, тизмеде жаңы Бакыт өргөсү да болгон.

© Фото / Центральный Госархив КРБакыт өргөсү. 1968-жыл
Дом счастья. 1968 год - Sputnik Кыргызстан
Бакыт өргөсү. 1968-жыл

Долбоорду иштеп чыгууну архитекторлор Александр Клишевич жана Александр Логуновго табышташкан. Ленинград, Вильнюс жана Алма-Атадагы бул объектинин курулушу менен таанышып, тажрыйба алмашуу үчүн барып келишкен. Бүгүн авторлор имараттын кандай болоруна ой толгоп, көпкө таба албай келишкенин эскеришет. Анан эле капысынан эскиздерин бир күндө даярдап коюшкан. Бирок ал убакта өлкө ысырапкорчулукка каршы күрөшүп жаткан, андыктан документтерде ал өргө эмес, тиричилик кызматтарын көрсөтүүчү комбинат деп аталган.

Долбоордун авторлору имараттын асманды карай көтөрүлгөн учтуу найзаларынан улам католик чиркөөлөрүнүн архитекторлорун туурашты деген айыптоолорго кабылуудан чочулашкан. Бирок жыйынтыгында алар бул түзүлүш тоо хрусталынын учуна окшоп турат, тоого байланышкан нерселердин баары өз деп эсептелет да деген пикирге келишкен.

© Фото / Центральный Госархив КРБишкек шаарындагы Бакыт өргөсүнүн жалпы көрүнүшү, 1987-жыл
Общий вид Дворца бракосочетания в городе Фрунзе. 1987 год - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарындагы Бакыт өргөсүнүн жалпы көрүнүшү, 1987-жыл

Имараттын ичи аябай жарык болсун деп капталдарындагы бүктөлмө-терезелерди ойлоп табышкан. Аларды кантип жасоону узакка ойлонушкан, себеби, айнек салуу үчүн адаттан тыш ыкма талап кылынган. Чоң терезелер алюминийден жасалышы керек болчу, бирок ал маалда Фрунзеде андай түзүлүштү эч ким жасачу эмес. Душанбе шаарындагы гана заводдордун бири архитекторлордун оюндагыдай кылып жасап берген. Мындай ойго келбеген табылганы ишке ашырууда долбоордун башкы конструкторунун салымы чоң.

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхитекторлор имараттын ичи аябай жарык болсун деп капталдарындагы бүктөлмө-терезелерди ойлоп табышкан
Бишкекский центральный дворец бракосочетания — центральный ЗАГС  - Sputnik Кыргызстан
Архитекторлор имараттын ичи аябай жарык болсун деп капталдарындагы бүктөлмө-терезелерди ойлоп табышкан

Объектинин пайдубалы тургузула баштаганда архитекторлор аны жер деңгээлинен үч метр көтөрүүнү сунушташкан. Түпдубалын куюуда курулушчулар далай эле тер агызышты. Түзүгүрөөк таптагыч техника агезде болбогондуктан, жердин ар катмарына улам суу куюп, тегиздеп турууга туура келген. Өтө машакаттуу болгондуктан, бул иш убакытты да алган, бирок абдан сапаттуу аткарылганын имарат тургузулгандан бери эч чөкпөгөнү айгинелейт.

Ичин жасалгалоодо да көйгөйлөр жаралбай койгон эмес. Объектини көзөмөлгө алган Компартиянын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы Апас Жумагулов имаратты мрамор жана гранит менен каптоону талап кылган. Ошол убактагы объектилердин курулушунда бул кеңири колдонулчу. Бирок документтерде болгону тиричилик комбинаты деп көрсөтүлгөндүктөн, долбоордо кадимки шыбак эле каралган. Бакыт өргөсүн таш менен каптатуу үчүн эсеп-кысабын өзгөртүүгө туура келген. Бул иш республиканын жетекчилиги Мампланды кошумча каражат бөлүү зарыл экендигине ынандыра алгандан кийин гана ишке ашкан.

Сүрөтчү Алексей Каменский тарабынан даярдалган улуттук оймо жана сүрөттөр түшүрүлгөн чоң терезелери өргөнүн көркүн ачып турат. Алар айнектен кийинки катмары болуп калган. Тажикстанда даярдалып келген терезе түзүлүштөрүнө бирден гана айнек салынган, ал эми алюминийден айнек алкагы анда эч кимдин түшүнө да кире элек убак болчу.

Бакыт өргөсүнүн дагы бир алкоого татырлык табылгасы – салтанат азем залын кооздоп турган өтө чоң электр асма чырагы. Аны сүрөтчү-зергер Виктор Сырнев жасаган. Зергер чеберлеринин эл аралык коомчулугу аны “жасалгалардын устасы” деп атайт. Асма чырак Сырневдин эң үлкөн чыгармасы болуп калган, узундугу – 16 метрден ашуун, туурасы — алты метрди түзөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөтчү-зергер Виетор Сырнев бул асма чыракты төрт жылда жасап чыгып, 1990-жылы гана ордуна илген
Бишкекский центральный дворец бракосочетания — центральный ЗАГС  - Sputnik Кыргызстан
Сүрөтчү-зергер Виетор Сырнев бул асма чыракты төрт жылда жасап чыгып, 1990-жылы гана ордуна илген

Чебер бул асма чыракты төрт жылда жасап чыгып, 1990-жылы гана ордуна илген. Сырневдин айтымында, бул композициянын мааниси да өргөнүн вазыйпасына төп келет. Турмушка аттанып аткан колуктунун фатасы дирилдеген сезимталдык, берилгендик жана ак ниетти туюндурат. Устанын чеберчилигинен жаралган бул асма чырак көктө каалгып, дүйнөнү калкалап турган фата сымал. «Эки адамдын жүрөктөрүндө тутанган сезимдерди талдоо татаал, ошондуктан, нике кайып – көктө кыйылары тегин жерден айтылбагандыгына терең ишенем» — деп белгилейт автор.

2014-жылы асма чырак A’Design Award & Competition сынагында «Түбөлүк жашыл жасалга» багытында платиналык байгени жеңип алган.

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүМурда Бакыт өргөсү Фрунзе жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1966-жылы курулган беш кабат турак үйдүн биринчи кабатында жайгашкан.
Мурда Бакыт өргөсү Фрунзе жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1966-жылы курулган беш кабат турак үйдүн биринчи кабатында жайгашкан. - Sputnik Кыргызстан
1/9
Мурда Бакыт өргөсү Фрунзе жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1966-жылы курулган беш кабат турак үйдүн биринчи кабатында жайгашкан.
© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүОшол эле жерде 75 кишилик «Салтанат» кафеси да бар эле.
Ошол эле жерде 75 кишилик «Салтанат» кафеси да бар эле. - Sputnik Кыргызстан
2/9
Ошол эле жерде 75 кишилик «Салтанат» кафеси да бар эле.
© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүЭки жаш мурдагы Бакыт өргөсүндө
Эки жаш мурдагы Бакыт өргөсүндө - Sputnik Кыргызстан
3/9
Эки жаш мурдагы Бакыт өргөсүндө
© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук Бакыт өргөсү 1987-жылы ишке берилген
Борбордук Бакыт өргөсү 1987-жылы ишке берилген - Sputnik Кыргызстан
4/9
Борбордук Бакыт өргөсү 1987-жылы ишке берилген
© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАндан бери бул имарат ичинде 75 миң түгөйдүн никеси катталган.
Андан бери бул имарат ичинде 75 миң түгөйдүн никеси катталган. - Sputnik Кыргызстан
5/9
Андан бери бул имарат ичинде 75 миң түгөйдүн никеси катталган.
© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөтчү Алексей Каменский тарабынан даярдалган улуттук оймо жана сүрөттөр түшүрүлгөн чоң терезелери өргөнүн көркүн ачып турат.
Сүрөтчү Алексей Каменский тарабынан даярдалган улуттук оймо жана сүрөттөр түшүрүлгөн чоң терезелери өргөнүн көркүн ачып турат. - Sputnik Кыргызстан
6/9
Сүрөтчү Алексей Каменский тарабынан даярдалган улуттук оймо жана сүрөттөр түшүрүлгөн чоң терезелери өргөнүн көркүн ачып турат.

7/9

8/9
Сүрөтчү Алексей Каменский тарабынан даярдалган улуттук оймо жана сүрөттөр түшүрүлгөн чоң терезелери өргөнүн көркүн ачып турат.
© SputnikБүгүнкү күндө Бакыт өргөсүнүн имараты өлкөнүн маданий эстелиги жана архитектуралык мурасы болуп саналат.
Бүгүнкү күндө Бакыт өргөсүнүн имараты өлкөнүн маданий эстелиги жана архитектуралык мурасы болуп саналат. - Sputnik Кыргызстан
9/9
Бүгүнкү күндө Бакыт өргөсүнүн имараты өлкөнүн маданий эстелиги жана архитектуралык мурасы болуп саналат.
1/9
Мурда Бакыт өргөсү Фрунзе жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1966-жылы курулган беш кабат турак үйдүн биринчи кабатында жайгашкан.
2/9
Ошол эле жерде 75 кишилик «Салтанат» кафеси да бар эле.
3/9
Эки жаш мурдагы Бакыт өргөсүндө
4/9
Борбордук Бакыт өргөсү 1987-жылы ишке берилген
5/9
Андан бери бул имарат ичинде 75 миң түгөйдүн никеси катталган.
6/9
Сүрөтчү Алексей Каменский тарабынан даярдалган улуттук оймо жана сүрөттөр түшүрүлгөн чоң терезелери өргөнүн көркүн ачып турат.
7/9
Сүрөтчү Алексей Каменский тарабынан даярдалган улуттук оймо жана сүрөттөр түшүрүлгөн чоң терезелери өргөнүн көркүн ачып турат.
8/9
Сүрөтчү Алексей Каменский тарабынан даярдалган улуттук оймо жана сүрөттөр түшүрүлгөн чоң терезелери өргөнүн көркүн ачып турат.
9/9
Бүгүнкү күндө Бакыт өргөсүнүн имараты өлкөнүн маданий эстелиги жана архитектуралык мурасы болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Бакыт өргөсүнүн имараты өлкөнүн маданий эстелиги жана архитектуралык мурасы болуп саналат. Бирок 30 жылдан бери объект эскире түшкөн, андыктан, толук ремонттолууга тийиш.

Шаардык администрацияны Жумабек Ибраимов жетектеп турган мезгилде (1993-1995-жылдар аралыгында) имарат жеке ишкананын менчигине берилген. Ал чатырын оңдоп, имаратты курган архитекторлор менен бирге кайра түздөп чыгуунун долбоорун иштеп чыккан. Төмөнкү кабатта үй-бүлөлүк салтанаттар өткөрүлчү ресторан курууга ниеттенишкен. Бирок мэрликтен премьер-министрликке өткөн Ибраимов каза болгондон кийин имараттын жеке колго берилиши боюнча чечим жокко чыгарылган.

Бакыт өргөсү көп ирет бир мекеменин карамагынан экинчисине берилип келген. Жылуулук жана желдеткичти ремонттоого каражат жок эле. Өткөндө эле имаратта борбордук жылуулук берүүнү кайра калыбына келтирүүгө болбой калганы аныкталып, электр энергиясы менен жылуулоо чечими чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0