Төкмө жана калемгер Эстебес Турсуналиев тууралуу кызыктуу 6 факты

© Sputnik / Александр Невежин / Медиабанкка өтүүСССРдин Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев. Архив
СССРдин Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиев көзү тирүү болгондо бүгүн 87 жашка чыкмак. Залкар акын 2005-жылы 11-октябрда 74 жаш курагында дүйнө салган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу төкмөнүн туулган күнүнө карата өмүрүнөн алынган кызыктуу фактыларды окурмандарга сунуштайт.

Үй-бүлөсү. Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында өнөрпоздордун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Турсуналы комузду жакшы чертсе, энеси Арпаян оозеки чыгармаларды мыкты билген жомокчу жана кошокчу болуптур. Мындан улам, кичинекей Эстебес жаштайынан эле чыгармачылыкка аралаша баштаган. Акындын айтымында бала кезинен эле комуз менен кошо чоңоюп, күү черткенди атасынан үйрөнгөн.

© Sputnik / Георгий Зельма / Медиабанкка өтүүЭстебес Турсуналиев белгилүү төкмө акын Алымкул Үсөнбаевден сабак алган
Поэт-импровизатор Эстебес Турсуналиев - Sputnik Кыргызстан
Эстебес Турсуналиев белгилүү төкмө акын Алымкул Үсөнбаевден сабак алган

Токтогул менен Алымкулдун жолун улап… Ырчылык менен төкмөлүктүн жол-жоболорун белгилүү төкмө акын Алымкул Үсөнбаевден үйрөнгөн. Ал эми Үсөнбаев улуу акын Токтогул Сатылгановдун шакирти эле. Андыктан Эстебес Турсуналиевди Токтогулдун жолун улаган саналуу акындардын бири десек болот. Ал устаты менен 1946-жылы таанышкан. Жаш төкмөнүн талантына баа берип, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясына алып келет.

Төкмө жана калемгер. Турсуналиев фольклордук топ менен бирге Индия, Бельгия, Швеция, Франция жана Япония сыяктуу ондогон өлкөлөрдө гастролдордо болгон. Анын чыгармалары 1950-жылдан баштап басма сөздө жарык көрө баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы "Акындын үнү" деген ат менен 1960-жылы басылып чыккан. Ал аткарган "Жинди суу" менен "Кыз-жигит" термелерин, өзү чыгарган "Акишим", "Анделек" сыяктуу ырларын ар бир кыргыз сүйүп уккан. Турсуналиев филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүндө төкмөлүк өнөр менен айкалыштырып "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм" жана "Кайыңды" аттуу китептерин жарыкка чыгарган.

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүТөкмө акын "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм" жана "Кайыңды" аттуу китептердин автору
Певец-импровизатор Эстебес Турсуналиев - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм" жана "Кайыңды" аттуу китептердин автору

Казакстандын калк артисти. Төкмө акынды убагында коңшу казак эли өздөрүнө биротоло чакыруунун аракетин катуу көрүшкөн. Бардык шартты түзүп беришерин убада кылганына карабастан Турсуналиев баурлардын сунушка макулдугун берген эмес. Алп акындын өнөрүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да катуу баалап, өлкөсүндөгү мааракелерге тез-тез чакырып, ырдатып турган. Ал гана эмес акынга "Казакстандын калк артисти" наамын өз колу менен тапшырган экен.

Гастролдогу махабат. Жубайы Райгүл Деркенбаева да ырга шыктуу болгон. Акын баштаган фольклордук топ Алматыга гастролго чыгуу үчүн ырчы кыз издей баштайт. Алар бир катар музыкалык фестивалдардын катышуучусу болгон жаш кызды ырдатып көрүшүп, жактырышат. Ошентип гастроль убагында экөөнүн сүйүүсү тутана баштайт. Эки таланттын балдары да чыгармачылыкка жакын болуп чоңоюшкан. Жубайлар алты уул, эки кызды тарбиялашкан. Бир баласы композитор болсо, неберелеринин бири аранжировка, экинчиси ырчылык менен алектенет.

© Sputnik / Александр Поготов / Медиабанкка өтүүПевец-импровизатор Эстебес Турсуналиев
Певец-импровизатор Эстебес Турсуналиев - Sputnik Кыргызстан
Певец-импровизатор Эстебес Турсуналиев

Наам жана сыйлыктары. Төкмө 1967-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик жана эл аралык "Руханият" сыйлыктары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары ыйгарылган. Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл артисти. Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында депутаттыкты аркалаган. Улуттук филармонияда эмгектенип жүргөн кезинде "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобун уюштуруп, жетектеп кыргыздын бир топ таланттуу уул-кыздарын тарбиялаган. Бул топ азыркыга чейин талантын кыргыз элине тартуулап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0