"Апамды издеп", "Саякбай", "Кентавр". "Ак илбирс — 2018" сыйлыгы ээсин тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековВручение национальной кинопремии Кыргызской Республики Ак Илбирс
Вручение национальной кинопремии Кыргызской Республики Ак Илбирс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ак илбирс" улуттук сыйлыгы 2012-жылы негизделген.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бүгүн, 27-апрелде "Ак илбирс — 2018" улуттук кино сыйлыгы өз жеңүүчүлөрүн тапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аталган иш-чарага катышкан кабарчысы билдирди. 

Акыркы жылдары тасма чөйрөсүндө өз мыктылыгын көрсөткөндөр төмөндөгү сыйлыктарга ээ болду:

"Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүк тасмасы" — "Апамды издеп" (режиссеру — Руслан Акун);

"Мыкты монтаж" — Элдияр Мадаким ("Апамды издеп" тамасы);

"Мыкты сүрөтчү" — Төлгөбек Койчуманов ("Саякбай" тасмасы);

"Мыкты үн режиссеру" — Бакыт Ниязалиев ("Саякбай" тасмасы);

"Мыкты композитор" — Муратбек Бегалиев ("Саякбай" тасмасы);

"Эркектин мыкты ролу" — Азамат Уланов ("Апамды издеп" тасмасы);

"Аялдын мыкты ролу" — Таалайкан Абазова ("Кентавр" тасмасы);

"Мыкты оператор" — Хасан Кыдыралиев ("Саякбай" тасмасы);

"Мыкты сценарий" — Актан Арым Кубат жана Эрнест Абдыжапаров ("Кентавр" тасмасы);

"Мыкты режиссер" — Актан Арым Кубат ("Кентавр" тасмасы); 

"Мыкты даректүү тасма" — Касиет Кубанычбекова ("Оймок" тасмасы);

"Мыкты кыска метраждуу тасма" — Аскар Нуракун уулу ("Киноман" тасмасы);

"Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн" — Жамал Сейдакматова;

"Борбор Азия боюнча эркектин мыкты ролу" — Дулига Акмолда ("Оралман", Казакстан);

"Борбор Азия боюнча аялдын мыкты ролу" — Шахзода Матчанова ("Масума", Өзбекстан); 

"Борбор Азиянын мыкты тасмасы" — "Оралман" (Казакстан, ружиссеру Сабит Курманбеков);

"Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн" — Нуржуман Ихтымбаев (Казакстан) 

"Мыкты тасма" — "Кентавр" (режиссеру — Актан Арым Кубат). 

"Ак илбирс" улуттук сыйлыгы   2012-жылы негизделген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0