Бишкекте Индия маданиятынын фестивалы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие международного этнокарнавала "Иссык-Куль собирает друзей — 2017" в Бишкеке
Открытие международного этнокарнавала Иссык-Куль собирает друзей — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалга келгендер Индияны өзүнөн алып келинген ар кандай буюм-тайым, кийим-кечек жана тамак-аш жарманкесине күбө болот.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы "Сейтек" балдар борборунда Индия ыр-бийи боюнча "Индияга болгон сүйүү" фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган борбордун маалымат кызматынан билдиришти.

Индия маданияты менен тааныштырчу бул салтанатты "Сейтек" борбору менен биргеликте бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги уюштурууда. Ал 27-28-апрель күндөрү өтөт.

"Фестивалдын алкагында шаар тургундары ар кандай сынактарга катышып, белек катары кесипкөй адистерден колуна менди (хна менен кооздолуп тартылган оймо-чийме) тарттырып алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мында келгендер артисттердин аткаруусундагы ыр-бийлерди көрүшөт.

Мындан тышкары, фестивалга келгендер Индиянын өзүнөн алып келинген ар кандай буюм-тайым, кийим-кечек жана тамак-аш жарманкесине күбө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0