08:47 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Ак кеме тасмасынан алынган кадр

"Ак кеме" тасмасынын жаңы версиясы тартылат

© Фото / Александр Федоров
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
22820

Фильмди тартуу иштери ушул жылдын август айында башталат.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде жаңы тасма тартылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине режиссер Артык Сүйүндүков билдирди.

Фильм "Шамбала" аты менен көрүүчүлөргө сунушталат. Учурда алгачкы даярдыктар көрүлүүдө.

Режиссердун айтымында, толук метраждуу тасманы тартуу демилгеси Айтматовдун көзү тирүү кезинде эле көтөрүлгөн.

"Мен улуу жазуучу менен иштешип, кезинде бул тасманы тартууну Айтматов менен талкуулагам. Ал инсан сценарийин жактырып, кеп-кеңешин берген. Союз маалында тартылган "Ак кемеден" өзгөчөлүгү бере турган ою жана андагы окуялары башкача болот", — деди Сүйүндүков.

Съемка ушул жылдын август айында башталып, Түркия, Казакстан жана Өзбекстандын киночуларынын катышуусу күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, белгилүү режиссер Болот Шамшиев алгачкылардан болуп 1976-жылы "Ак кеме" тасмасын калың элге сунуштаган.

Тема боюнча

Индия ырларын созгон Гүлжамал, бакырайган Нургазы. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
"Ак кеме" повести тууралуу 10 факты. Айтматовду атылган бугунун сөөгү ойготуп...
Сыдыгалиев: мени "Ак кемедеги" Нургазы дешип азыр деле көчөдөн таанып калышат
Белгилер:
"Ак кеме" тасмасы, Чыңгыз Айтматов, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ