Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева Бишкекте концерт берет

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүКазакстандын эл артисти Роза Рымбаева. Архив
Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концертти 3-майда өткөрүү пландалууда.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева Бишкекте концерт берет. Бул тууралуу уюштуруучулар Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Концерт 3-майда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Анда ырчы өзүнүн популярдуу чыгармаларын аткарат.

Рымбаева Кыргызстанда дагы белгилүү. Анын 1999-жылы чыккан "Куә Бол" (Күбө бол) ыры эл арасында кеңири тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0