БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. "Кыргыздын салттуу музыкасы" фонду таланттуу жаштарга сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, сынакка 12 жаштан 30 жашка чейинки жаш улан-кыздар катыша алат.
"25-апрель өлкөдөгү "Салттуу музыка" күнүнө карата оозеки, салттык, профессионалдык, музыкалык, айтуучулук, аспапчылык багыттары боюнча жаштар үчүн республикалык кароо-сынак жарыяланат", — деп жазылат маалыматта.
Билдирүүдө тандоо туру 21-22-23-апрель күндөрү өткөрүлөрү кошумчаланган.
Байланыш телефондору: 0707 93 0696