Симфониялык оркестр менен "Кыргыз руху" ансамбли концерт тартуулайт

Жазылуу
Концерт 11-апрель күнү кечки саат 18:30да башталат. Кирүү акысыз.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Шаршемби күнү улуттук филармонияда симфониялык оркестр менен "Кыргыз руху" ансамблинин биргелешкен мааракелик концерти өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, иш-чара Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата уюштурулмакчы.

"Маданий иш-чаранын программасында кыргыз, орус жана чет элдик композиторлордун чыгармалары музыкалык аспаптар менен коштолуп, солисттердин аткаруусунда тартууланмакчы. Концертке эл аралык сынактардын лауреаттары, опера жана балет театрынын ырчылары да катышат", — деп жазылат билдирүүдө.

Концерт 11-апрель күнү кечки саат 18:30да башталат. Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0