Кыргызстандык үч балалуу келин дүйнө сулуусу деп табылды. Сүрөттөр

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКонкурс красоты "Мисс Татарстан-2018"
Конкурс красоты Мисс Татарстан-2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка былтыр Россия, Түркия жана Францияда өткөн сулуулук кароолорунун тандап алуу турларынан өтүп кеткен кыз-келиндер катышты

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Вьетнамда өткөн Miss Universe Beauty – 2018 ("Аалам чүрөгү — 2018") сынагында кыргызстандык Сания Шакирова жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу аталган сынакта алып баруучу болгон Ассоль Молдокматова өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жазды. 

Вьетнамдын түштүгүндөгү Камрань шаарында өткөн конкурска былтыр Россия, Түркия жана Францияда өткөн сулуулук кароолорунун тандап алуу турларынан өтүп кеткен кыз-келиндер катышты. Төрт жаштан 50 жашка чейинки катышуучулар балдар, турмушка чыга электер жана келиндер арасындагы сынактарда күч сынашты.

Кыргызстандын намысын коргогон 30 жаштагы Сания Шакирова келиндер арасында биринчи орунду алды.

Маалыматка караганда, сулуулук индустриясында бир топ убакыттан бери иштеп келген Шакированын үч баласы бар.

Жалпы сынактын жеңүүчүсү деп россиялык Наталья Аржакова аталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0