17:32 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Китептер. Архивдик сүрөт

Бишкекте билим берүү боюнча ар тараптуу фестиваль өтөт

© Sputnik / Константин Чалабов
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
62 0 0

Фестиваль эки күн — 20-апрелде жана 19-майда болот

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жыл сайын өтүп келген билим берүү фестивалы өтөт. Бул туурасында Роза Отунбаева атындагы эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Бул иш-чара "Кыргызстандагы маданий көп түрдүүлүк: досторума конокко барам" деген ат менен өтөт.

"Кыргызстанда 80ден ашык этностун өкүлдөрү жашагандыктан, маданияты өтө бай, салт-санаалар арбын, тилдер көп. Бул өлкөбүздү алдыга сүрөп турган, кыймылдатуучу күч. Биз глобалдашкан дүйнөдөбүз, Кыргызстанда чет элдик бир топ студенттер жашап, билим алышат. Бир топ чет элдик жарандар эмгектенип, күн кечирип келет. Андыктан, Кыргызстандын жашоочулары бири-биринин маданиятын билип жана урматташы керек. Бул андан ары өнүгүүгө жакшы өбөлгө болот", — деп айтылган фонду тараткан маалыматта.

Фестиваль эки күн — 20-апрелде жана 19-майда болот.

Анда ЖОЖдор студенттеринин арасындагы турнирдик дебаттар, Бишкек калаасынын мектептеринин парламенттеринин лидерлери үчүн интерактивдүү-лекциялар, англис тилинин мугалимдери үчүн тилди үйрөтүүнүн жаңы, өзгөчө ыкмалары үйрөтүлөт.

Мындан сырткары, улуттук жана спорттук оюндар боюнча мелдеш, дүйнө маданиятын үйрөнүү жана башка темадагы жарманкелер уюштурулат.

Тема боюнча

Мадумаров: абитуриенттерди айыл-чарба тармагында билим алууга чакырам
Sputnik журналисттер үчүн билим берүү программасын баштады
Белгилер:
улут, маданият, билим берүү, фестиваль, "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду

ЭҢ МААНИЛҮҮ