Жан дүйнөнү байыткан сүрөттөр. Көркөм галереяны аралай...

© Фото / Азат АкаевБишкектеги "Галерея М" көркөм галереясындагы сүрөттөр
Бишкектеги Галерея М  көркөм галереясындагы сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор шаарыбыздын так ортосунда жайгашкан "Галерея М" сүрөт сүйүүчүлөрү үчүн табылгыс кенч. Бир бөлмөлүү чакан галерея ар дайым заманбап кыргыз живописи менен толукталып турат. Каалоочулар өлкөдөгү мыкты делген сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын бекер эле көрө алышат.

Бишкектеги Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде (Манас проспектиси 40, 2-кабат) жайгашкан "Галерея М" дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт. Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгегин көрүүнү каалагандар эч кандай акы төлөшпөйт.

© Фото / Азат АкаевБишкектеги Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде (Манас проспектиси 40, 2-кабат) жайгашкан "Галерея М" дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт
Бишкектеги Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде (Манас проспектиси 40, 2-кабат) жайгашкан Галерея М дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкектеги Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде (Манас проспектиси 40, 2-кабат) жайгашкан "Галерея М" дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт
© Фото / Азат АкаевКыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгегин көрүүнү каалагандар эч кандай акы төлөшпөйт
Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгегин көрүүнү каалагандар эч кандай акы төлөшпөйт - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгегин көрүүнү каалагандар эч кандай акы төлөшпөйт
© Фото / Азат АкаевЖеке мекеме болгон "Галерея М" 1991-жылы ачылган.
Жеке мекеме болгон Галерея М 1991-жылы ачылган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жеке мекеме болгон "Галерея М" 1991-жылы ачылган.
1/3
Бишкектеги Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде (Манас проспектиси 40, 2-кабат) жайгашкан "Галерея М" дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт
2/3
Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгегин көрүүнү каалагандар эч кандай акы төлөшпөйт
3/3
Жеке мекеме болгон "Галерея М" 1991-жылы ачылган.

Жеке мекеме болгон "Галерея М" 1991-жылы ачылган. Ошондон бери жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын көрүүчүлөргө тартуулап келет. Негизинен галерея ай сайын ар кандай тематикадагы сүрөт көргөзмөлөрүн уюштурат. Ага байланыштуу бул жердеги картиналар да ар дайым жаңыланып турат. Галереяда сүрөттүн бардык түрлөрү бар. Живопись сүйүүчүлөрү бул жерден пейзаж, портрет, натюрморт жана башка жанрдагы эмгектерди көрө алышат.

Көркөм галереянын куратору Мээрим Акматкулованын айтымында, өз эмгегин көрүүчүлөрдүн сынына койгусу келген жаш сүрөтчүлөр үчүн галереянын эшиги ар дайым ачык.

© Фото / Азат АкаевКөркөм галереянын куратору Мээрим Акматкулова
Куратор художественной галереи Галерея М в Бишкеке Мээрим Акматкулова - Sputnik Кыргызстан
Көркөм галереянын куратору Мээрим Акматкулова

"Биздин пландагы көргөзмөлөрдүн тематикасына туура келсе сүрөттөрдү көргөзмөгө кошобуз. Бул жаш сүрөтчүлөрдүн таанылуусуна, балким чыгармалары сатылса каражат табуусуна шарт түзөт. Негизи эле сүрөтчүлүк ай сайын маяна алчу кесип эмес да. Бирок ага карабай эмгектенип, жаңылануунун үстүндө иштешет. Биз дагы элдин чыгармаларга көңүл буруусун, руханий азык алып, жаккан эмгекти сатып алуусу үчүн аракет кылып жатабыз. Бул авторлорго чоң жардам болот. Себеби сүрөтчүлөр чыгармасы сатылса гана каражат табышат", — деди Акматкулова.

Куратордун айтымында, сүрөттөрдү сатып алууну каалагандар көп. Баасы миң сомдон миң долларга чейин жетет.

Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун жетекчиси, КР эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев көркөм галереялардын бир гана авторлорго эмес, өлкө жана анын эли үчүн да маанилүү экендигин баса белгиледи.

© Фото / Азат АкаевКыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун жетекчиси, КР эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев
Руководитель союза художников КР Таалайбек Усубалиев  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун жетекчиси, КР эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев

Зоологический музей в здании НАН КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин чок ортосундагы музей: көпөлөктөн тарта маймыл, крокодилге чейин
Себеби бул жерде маданий агартуу бар. Негизи туристтер же өлкө башчылары бир өлкөгө барганда алгач маданий борборлорду көрөт. Бул жерде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн кыргыз жергеси тууралуу эмгектери коюлгандыктан, биздин өлкөнү таанытууга чоң жардам берет. Орто Азиянын башка өлкөлөрүндөгү галереялар көбүнчө картиналарды сатуу менен гана алектенишет. Ал галереялардын баасы кымбат болгондуктан көп сүрөтчүнүн көргөзмөлөргө катышууга кудурети жетпейт. Ал эми "Галерея М" сүрөтчүлөргө да, көрүүчүлөргө да бекер", — деди Усубалиев.

"Жарандар "Галерея М" жайына жалгыз гана кыргыз картиналарга суктануу үчүн эмес, сүрөт өнөрүн үйрөнүү үчүн да барса болот. Галереяда сүрөтчүлүк, айкелчилик жана кол өнөрчүлүк боюнча атайын мастер-класстар өткөрүлүп турат.

Галереяда азыркы учурда "Жазгы вернисаж" аттуу көргөзмө өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0