Араб эмирлигиндеги жарманкеде Кыргызстан 14 өлкөдөн озуп чыкты

© Фото / Кыял ОскомбаеваБириккен Абар эмирлигинде өткөн Fashunity 2018 жарманкесинде Кыргызстандын диаспорасы 2-орун алды
Бириккен Абар эмирлигинде өткөн Fashunity 2018 жарманкесинде Кыргызстандын диаспорасы 2-орун алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз диаспорасы жарманкеде быйыл боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу маалымат берди

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бириккен Абар эмирлигинде өткөн Fashunity 2018 жарманкесинде Кыргызстандын диаспорасы 2-орун алганын иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Кыял Өскөмбаева билдирди.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбул шаарында Чыңгыз Айтматовго арналган жыйын өттү
22-март күнү Дубай шаарында өткөн көргөзмөгө 15тен ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышкан.

Бул иш-чаранын максаты — ар кайсы улуттун каада-салты, маданияты менен таанышуу жана туристтик потенциялын көрсөтүү.

Быйыл кыргыз диаспорасы жарманкеде Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу маалымат берип, улуттук спорт оюндары жана маданий өзгөчөлүктөр көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында Филиппин биринчи аталып, Кыргызстан 2-орунду ээледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0