Кожобек Рыспаевдин айылга каты. Кууратпайын деп Афган согушуна апама айтпай кеткем

Жазылуу
Бүгүн айылга катты Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Кожобек Рыспаев жазды. Андан айыпсыз балалык менен берекелүү Суусамырдагы күндөрүн, Афганистандагы ажал издеп учкан октон энесинин деми күчтүү каттары кантип сактап калганын окусаңыз болот.

Биздин каарман Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой деген айылда жарык дүйнөгө келип, ошол жерден боорун көтөргөн.

Саламатсыңбы, Кызыл-Ой, амансыңарбы айылдаштарым!

Менин айылга кат жазарым алды кийин деле оюма келбептир. Көп ирмемдер көз алдыма тартылды, ата-энемди, классташтарымды, Афганистандагы оозду жанга тиштеген кыйын күндөрдү, туугандарымдын мага болгон сый-урматын көз алдымдан чубаттым.

Кат жазуу дегенде эле менин ойноок балалыгым менен аскердик кызматымды кайда өтөгөндүгүмдү апамдан жашырган учурду эстей берем.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Министр Батыралиевдин айылга каты. Уй саап, нан жапкан күндөр жана түйшүктүү балалык
Алгач балалыктын катынан баштайын. Биз кат жазышып калган муундарга киребиз да. Ал кезде интернет, чала калганга мобилдик телефон деген жок болчу. Ошон үчүн биз эмне кылчубуз, кичинекей кезден эле кат жазчубуз. Ал эмнеден башталган? Жакшы көрүп калган кыздардан башталган. Тымызын, тымпыйып жүрүп катты жазарын жазабыз, анан дарегине жеткирерге киши издеп кыйналмай. Ал кыздын колуна тийгизиш үчүн анын жакындарын, сырдаштарын табуу өзүнчө бир "азап" эле. Качанкы болуп өткөн окуяларды эстеп, азыр жылмайып отурдум.

"Чабалекей чам-чум!"

Бир орунга токтобогон, жаным тынбаган, андан сырткары, көп нерселерди уюштуруп жиберген жайым бар эле. Ал кезде колхоз-совхоз учуру, жогорку класстын окуучуларын коомдук жумуштарга, чөп чабыкка тартчу. Таякем мектептин директору эле. Балдарды ар кыл жумуштарга, чөп чабыкка алып чыгуу маалында директор "тиги Кожобекке жакшылап айтып койгула, дагы уюштура коюп, балдар чыкпай калбасын" деп айткан учурлары болду.

"Барбайбыз, эмне аларга малай, кулбузбу, жүргүлө тоого чыгып кетебиз" деп тескери алып кеткен учурларымдан сактанчу окшобойбу. Кыязы, 7-8-класста болсо керек.

ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Депутат Төрөбай Зулпукаровдун айылга каты. Апам акыры-ыын жашып, а мен апкаарып...
Азыр баамдасам, жаны жай албаган балдардын бири болгон окшойм. Энергиям ичиме батпай, анан ошон үчүн жаманатты болчумун го, кыязы. Балдарды уюштуруп алып, чабалекей, качма топ, жашынмак уюштуруп, анан зым менен рогатка жасап атышып, деги жан тынчу эмес. Лянги, дагы башкача аталышы — люр деп тепчүбүз. Тизеден алып, анан бутту кайчылаштырып жиберип, секирип тепкен өзүнчө эле спорттун түрү экен да. Тим эле чемпион элек.

Көрсө, чабалекей деген укмуш спорттук оюн болуптур да. Чыбыктын эки жагын кесип туруп, элейт элек. Анан "чабалекей чам-чум, чабалекей чам-чум" деп чымылдап жүгүрөсүң.

Зээндүү жана куйма кулак элем, сабакты көшөрүп окуп отурбастан, мугалимдин айткандарын кайталап берип, баа алчумун. Эске тутуум алигиче жакшы, аталарымдын айтып берген санжыра, болумуш, окуяларды эстеп калгам.

Ата-энем карапайым кишилер эле. Атам алгач 13 бир тууган болуп, бирок жокчулук, ачарчылык, кыйынчылык 11 бир тууганын алып тынып, экөө гана тирүү калыптыр. Атам ыраматылык ал азаптарын айтып берип жатып жашып кетчү. 1990-жылы 65 жашында кайтыш болду.

Апамдан жашырган Афганистан. Таберик болгон кол жазмасы

Жогорку окуу жайына барып, студент болсом, билим алып киши болсом, жакшыраак оокат кылсам деп ниет кылып, алдыга умтулчумун. 10-классты бүтүп, окууга тапшырып өтө албай калып, Кара-Балтадагы жол мекемесине жумушчу болуп орноштум да 1981-жылы армияга кеттим.

Ошентип тагдыр мени аскердик милдетимди өтүү шыбагасын Афганистандан буюруптур. Биз ал уюкка октябрь айында барып түшкөндө 1979-жылы башталган кызыл жалын ушунчалык тутанып, согуш күчүндө болуп турган экен. Кычап, өлүм-житим көп болуп жаткан. Ар кандай ойлор келчү, күндө өлүмдү, колу-буту жулунуп кеткендерди, жарылып жаткандарды көрүп жатып, албетте кооптончумун.

Эсимде… Афганистанга кетеримди апама билдирген жокмун. Кайгырбасын деп кийин да каттарыма "Апа, Германияда кызмат кылып жүрөм, баары жакшы" деп жазчумун. Командирлер "колдон келсе үйүңөргө Афганистанда жүргөнүңөрдү жазбагыла. Ата-энеңерге кыйын болот" дешчү. Кийин кайтып келгенимде "балам Германияда жыргап жүрөм десе, ошого каниет деп жүрө бериптирмин" деп ыйлаганы эсимде.

Депутат Жогорку Кенеша от фракции СДПК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Депутат Аида Касымалиеванын айылга каты. Таята, жылдыз санаган түндөр, эски ийик
Согуш тааласында жүргөн ошол кыйын күндөрдө Кыргызстандан, үйдөн, Суусамырдан кат келген өзүнчө бир бакыт, кадимкидей дем-күч эле. Жай жашоо эмес, күн алыс өлүк көрмөй, жарадарлардын жанында жүрмөй, сен аларды катарына калбашыңда эч кандай кепилдик жок. 18 жаштагы, эне сүтү оозунан кете электе согуш талаасына түшүп калган баланы элестетсеңер. Айыл көздөн учат, баягы жашыл тулаңда эликтей секирип туйлаган учур, күркүрөгөн Көкөмерен дарыясы, мемиреген бейпил тынчтык, баш оорусу жок балалык күндөр түшкө кирет.

… Айылда эч ким сүйлөшкүсү келбей, айланып өткөн бир киши болор эле, мен ошол адамды көргөнгө зар болдум. Айылдан кат менен кошо сүрөттөрдү салышса, ал бир майрам. Тим эле жыргайсың. Сүрөттү тиктеп туруп, азыр эле тура калып, чуркап жетип, кучакташып көрүшүп келе калсам дейсиң тээ көңүлдүн түпкүрүндө. Ойлоруңдан ойгонуп, эки жагындагы тоо-таш курчаган бопбоз талааны, аскаларды жана өмүрдү кадам сайын талашкан ок менен душманды эстейсиң. Кат классташтар, карындаштарымдан, агамдан келет. Жүрөктү эзилтип, чоң-чоң кол жазмасы менен апам жазат. Ал көзгө бир тумардай көрүнөт.

Афганистанда чоң-чоң таар чатырларда турдук. Согуштук кырдаал деп коет. Шарт кыйын эле, ысык сууну мындай кой, муздак суу тартыш болчу. Таштан жасалган бет жуугучубуз бар, темир меш — "буржуйка" жагасың, ошонун табына каниет кылмай. Старшина элем. Бир жакшы жери тоо-таштын арсында жүргөн кандай азап экендигин тоолук болгондугум үчүн сезбей калдым окшойт. Ошентип 1985-жылы Кыргызстанга келдим. Мунун баарын саймедиреп отурушумдун себеби бар. Ал төмөндө… 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Кожобек Рыспаев
Депутат Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Кожобек Рыспаев

Айланайын айылдаштарым

Афганистанда жүргөнүмдү туугандарым билип, бирок апама айтышпаптыр. "Кечигип жатат эмнегедир, аман-эсен келсе экен" деп санааркаганын уктум. Себеби, Афганистандан цинк табыттар байма-бай келип жаткан. Ал учурда эл ыймандуу жана ынтымактуу болчу да. Атамдын аталаш туугандары мени жолдон тосуп алып, ыйлап, кучакташып, үйүнө коноктоп, кудум согуштун баатырындай болдум. Аялдар, кыз-келиндерди мындай кой, абаларым жашып, "аман келгениң чоң олжо" деп көздөрүнө жаш алганы дагы деле эсимде. Ошол көрүнүш көкүрөгүмө кыттай уюп калган. Кубаттуу бир жылуулук тартуулап, ошол ирмемдерди азыр да канааттанып, боор тартып эстейм. Аларга урматтоом күчөп, ошолордун караанын эш тутуп, орду азыр да улам бийиктейт. Алар менен азыр кат жазып жаткан айылдаштарым, бир боорлорум, туугандарым, кошуналарым. Мен силерди сыйлайм, урматтайм.

Чөп, чаңкайган асман жана "Манас"

Ырчы жана комузчу Токтобүбү Черикчиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтобүбү Черикчиеванын айылга каты. Апам тартуулаган бакыт, телеграфта калган издер
Өнөргө жакын кылган ата-энем. Кичинемде колум жөндөмдүү эле. Эмнегедир, Манас, Семетей, Бакайдын сүрөтүн эле тарта берчүмүн. Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдун китептерин чөптүн үстүнө жатып алып төрт сыйрадан окуп чыккан күндөр болду. Эми ал өзүнчө бир ырахат эле. Асман ачык, айыл да, айлана да тыптынч. Чарчаганда уктап каласың, тук этип алып, сюжетти кууп, Манас баянына кайрадан сүңгүйсүң. Ошолордун образына кирип, духуна таасирленип, өзүнчө эле башкача сезимдер курчап алаар эле.

Ал эми үйдө чилистен болуп отурсам, апамдар "өзүң эле эмес, үнүңдү чыгарып бизге деле окуп берсең" дешчү. Анан бүттү, образга кирип алып, шатыратып окуй баштайсың. Жыргап угушат. "Ай, жана баланча жерден токтоп калгансың балам, ошол жерден улант" дешет чыдамсыздык менен. Ал бир сонун учурлар да. Ого бетер эрдемсип аласың да, кайрадан улуу баянга баш-отуң менен кирип кетесиң.

Ал саптар али да эсимде, эч унутпайм.

… Мына ошентип эр Манас
Сыр найзасын алыптыр,
Коңурбайды ошондо,
Так жүрөктүн тушу деп,
Өлөр жериң ушул деп

Качырып келип сайганда… деп андан ары уланаар эле. Унутпайм ал саптарды.

Эмне азап дейм да…

Манасчи Замирбек Баялиев - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Замир Баялиевдин айылга каты. Уурдап окуган китеп, ашыктыктын 16 куплети
Алма, сабиз, бадыраң уурдайбыз. Алма биздин айылда болгону 5-6 эле үйдө өсчү, азыр неге биз деле тигип койгон жокпуз деп ойлой берем. Тоок уурдачубуз. Анан калдыратып, казан-табактарды көтөрүп алып, тоонун башындагы үңкүргө барып, отко кактап бышырып жейбиз. Өзүнчө эле сабантуй. Өзүбүздүн эч кимди киргизгибиз келбеген дүйнөбүз экен азыр баамдасам. Кактаганын кактап жейбиз, калганын казанга бышырабыз. Ойлосом туз деле салчу эмес экенбиз. Курсак деле ток, тамак-аш кудайга шүгүр. Эмне азап дейм, тоонун башындагы үңкүргө барып, карала-торала болуп тоок жеп. Бул балалык шоктук, азыркы айтканда экстремал жагдай болуптур. Ошонусу менен тартчу окшойт өзүнө. Ал учурду, тоокту деле эч ким саначу эмес. Улуулар биздин антип экстремал болгонубузду деле байкашпаптыр. Болбосо, кулагыбыздан кызарганча чоюшат эле…

балалык кезимди ушундай сагынам. Аны эки тоонун ортосундагы айылда өткөргөнүмө кудайга ушундай ыраазымын.

Азыр айылга каттап турам. Апам 85 жашында кайтыш болду. 9 бир туугандын төртүнчүсүмүн.

Уук жана тилдеген апам…

Жеңелерибиз, апаларыбыз качма топ ойночу. Эл кадимкидей чогулуп алып көрчү. Хоккей ойнойм деп боз үйдүн уугун клюшка кылып алып кетип, апамдан канча тил уктум. Аай, алтын апам ай.

Эсимде, апам чара-чара бозо салып, анан айылдагыларга таратчу. Мектепке барайын деп эртең менен тура калсаң, үй бака-шака, үй толтура киши бозо ичип отурат. И баса, согумдун этин ооз тийгизүү деген адат бар эле, азыр ойлосом, ал ынтымакты бекемдеп, айылдагыларды жакындатууга сонун өбөлгө болгон тура. Анан ушундай эли бар, ушундай салты бар кең пейил берекелүү элиңди, уюткулуу айылыңды кантип сүйбөй кое аласың. Аман болгулачы, айылым жана айылдаштарым, Суусамыр, Кызыл-Оюм.

Мен издеген Көк-Ой…

Ырчы жана артист Мерген Тургандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Мерген Тургандын айылга каты. "Катастрофага" кептеген пальтолор, таңгалдырган апам
Ушул катта төмөнкү ой-туюмумду, кусамды жазбасам болбостур. Атам Жайчыбек, Ували байкем, Кадырбек тайкем, айтор, айылдын ошол кездеги салабаттуу, айтканы айткандай аткарылган кишилери болор эле. Илгери аксакал деген ат касиеттүү болучу, татыктуу адамды айтышчу. Акырын айтып, кеңешин берсе, башкалар ошого карап түздөнчү. Азыр чал дешет. Эмнеге андай деп аташат билбейм… касиетсиз чалдар көп болуп калдыбы?

Азыр айылда мен жогоруда айткан согумду ооз тийгизип чакырабы, жокпу, билбейт экенмин. Жеңелер, кыз-келиндер шарактап бала сымал мүнөз менен качма топ ойнойбу жокпу, аны да билбейм. Жамандык болсо айылдагылар түп көтөрө келип, оорун колдон, жеңилин жерден алышабы, айта албайм. Мен үчүн ал кездеги жашоо таптакыр эле бөлөк болгондой сезиле берет, издей берем… Ал кездеги айыл азыр жок…

Силерге кат жолдоп, саламын айтып, жакшылык, береке, аманчылык каалап, уулуңар, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев

Жаңылыктар түрмөгү
0